Накыл 18:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Өз дегенин бербеген адам өз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат.

2Акылсыз адам билимди сүйбөйт, бирок ал өзүнүкүн гана айткысы келет.

3Мыйзамсыздын келиши менен жек көрүү кошо келет, ал эми кордук менен кошо шылдың келет.

4Адамдын оозунан чыккан сөз – терең суу. Акылмандыктын башаты – кайнар булак.

5Адил адамды сотто айыпка жыгыш үчүн, мыйзамсыз адамга бет карамалык кылган жакшы эмес.

6Акылсыздын тили чатак чыгарат, айткан сөзү үчүн таяк жейт.

7Акылсыздын тили – өзүнө өлүм, оозу – жаны үчүн жайылган тор.

8Ушакчынын сөздөрү таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.

9Өз ишине кош көңүл болгон адам – ысырапчыл адамдын тууганы.

10Теңирдин ысымы – бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот.

11Байдын мал-мүлкү – анын бекем шаары, ал ага бийик чеп болуп сезилет.

12Жыгылардын алдында адамдын жүрөгү текеберденет, ал эми моюн сунгандык атак-даңкка жеткирет.

13Аягына чейин укпай туруп жооп берген адам акылсыз, ал уятка калат.

14Адамдын руху адамдын алсыздыгын көтөрөт, ал эми жараланган рухту ким сакайта алат?

15Акылдуу адамдын жүрөгү билимге жетет, акылдуу адамдардын кулагы билимди издейт.

16Берилген белек адамдын жолун ачып, аны төрөлөргө чейин жеткирет.

17Атаандашы келип изилдегиче биринчи келгендин кеби жүйөөлүүдөй туюлат.

18Өкчөмө таш талаш-тартышты токтотуп, күчтүүлөрдүн ортосундагы талаш-тартышты чечет.

19Каарданган бир тууган кире алгыс чептүү шаардан да бекем. Чыр-чатак сепилдин кулпуларына окшош.

20Адамдын ичи өз тилинин жемишине толот, ал өз оозунун чыгармасына тоёт.

21Өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде, аны сүйгөндөр анын жемишинен татышат.

22Жакшы аял тапканы – ырыс тапканы, Теңирден ырайым көргөнү.

23Жакыр жалбарып сүйлөйт, бай орой жооп берет.

24Дос күткүсү келген адам досторчо мамиле кылышы керек. Бир тууганыңдан да жакын дос болот.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>