Накыл 19:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Жалган сүйлөгөн, анан калса, акылсыз байга караганда такыбаа жашаган кембагал артык.

2Билимсиз болуу жакшы эмес, шашкан адам мүдүрүлөт.

3Акылсыздыгы адамды жолунан адаштырат, жүрөгү болсо Теңирге кыжырданат.

4Байлык досту көбөйтөт, ал эми жакырды досу да таштап кетет.

5Жалган күбө жазасыз калбайт, калп айткан адам качып кутулбайт.

6Адамдардын көбү атактууларга кошомат кылат, белек берген адамга баары дос.

7Жакыр адамды өзүнүн бүт бир туугандары жек көрөт, достору андан бетер андан качышат, алар менен сүйлөшөйүн деп, ал алардын артынан чуркайт, бирок сүйлөшө албайт.

8Акылга жеткен адам өз жанын сүйөт, акыл-эсти сактаган адам бакыт табат.

9Жалган күбө жазасыз калбайт, жалган айткан адам өлөт.

10Акылсыз адамга сөөлөт жарашпайт, андан бетер кулга төрөлөргө бийлик кылуу жарашпайт.

11Акыл-эстүү адам ачууга алдырбайт, бирөөнүн кылмышын кечирип коюу – ал үчүн даңк.

12Падышанын ачуусу арстандын айкырыгындай, ал эми ырайымы чөптүн үстүндөгү шүүдүрүмдөй.

13Акылсыз уул – өз атасына кайгы, ажаан аял – тынымсыз тамчылаган суу.

14Yй менен мал-мүлк – ата-энеден калган мурас, ал эми акылдуу аял – Теңирден.

15Эринчээктик уйкуга чөмүлтөт, шалаакы адам ачка калат.

16Мыйзамды сактаган адам өз жанын сактайт, ал эми өз жолуна кайдыгер адам өлөт.

17Жакырга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет, кылган жакшылыгын Теңир кайтарымсыз калтырбайт.

18Yмүтүң барда уулуңду жазала, анын ыйына көңүл бөлбөй эле кой.

19Ачуулуу адам жазасын алсын, аяп койсоң, андан көбүрөөк жазалоого туура келет.

20Акылдуу болом десең, кеңешти ук, айыбыңды ачса, кабыл ал.

21Адам жүрөгүндө көп нерсени ниет кылат, бирок Теңирдин белгилеп койгону гана ишке ашат.

22Кайрымдуулугу адамга кубаныч алып келет. Калпычы адамга караганда жарды адам артык.

23Теңирден коркуу өмүргө алып барат, Теңирден корккон адам дайыма ыраазы болот, анын башына жамандык келбейт.

24Эринчээк адам колун чөйчөккө салат да, аны оозуна жеткиргиси келбейт.

25Шылдыңчыл адамды жазаласаң, жөнөкөй адам да эстүү болуп калат. Акылдуу адамдын айыбын ачсаң, ал акыл-насаатты түшүнөт.

26Абийири жок, уятсыз уул атасынын мүлкүн чачып, энесин үйдөн кууп чыгат.

27Уулум, насаат сөздөн четтөөнү үгүттөгөндөрдү укканыңды токтот!

28Жалган күбө акыйкаттыкты шылдың кылат, мыйзамсыз адамдардын оозу жалганды жутат.

29Шылдыңчыл адамдарга жаза, акылсыз адамдарга токмок даяр.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>