1Уулум! Эгерде менин сөздөрүмдү кабыл алсаң, менин акыл-насааттарымды сактасаң,
2кулагыңды акылмандыкка төшөсөң, жүрөгүңдү ой жүгүртүүгө бурсаң,
3билимди чакырсаң, акылга кайрылсаң,
4аны күмүш менен кенчти издегендей издесең,
5Теңирден коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң, Кудай жөнүндөгү билимге жетесиң.
6Анткени акылмандыкты Теңир берет. Анын оозунан билим менен акыл чыгат.
7Ал адил адамдар үчүн куткарылуу сактайт. Ал – түз жүргөндөрдүн калканычы.
8Ал акыйкаттыктын жолдорун сактайт, Ал Өз ыйыктарынын жолун коргойт.
9Ошондо сен жакшылыкка алып бара турган жолдорду: чындыкты, адилеттикти, чынчылдыкты түшүнөсүң.
10Акылмандык жүрөгүңө киргенде, билим жаныңа жакканда,
11сени эстүүлүк сактап жүрөт, акыл кайтарып жүрөт,
12жаман жолдон, жалган айткан адамдан сактайт,
13караңгылыктын жолунда жүрүш үчүн түз жолду таштагандардан,
14жамандык жасап кубангандардан, бузукулук кылып жыргагандардан,
15жаман жолдо бара жаткандардан, адашып жүргөндөрдөн,
16башка бирөөнүн аялынан, жылуу сүйлөгөн бөтөн аялдан сактайт.
17Ал аял жаш чагындагы жолдошун таштаган, Кудайдын келишимин унуткан.
18Анын үйү өлүмгө жетелейт, анын жолу өлгөндөргө алып барат.
19Анын үйүнө киргендердин бири да кайрылып келбейт, өмүрдүн жолуна түшпөйт.
20Андыктан ак ниеттүүлөрдүн жолу менен жүр, адил адамдардын жолун жолдо.
21Анткени жерде адил адамдар жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар өмүр сүрүшөт.
22Мыйзамсыздар болсо жер үстүнөн жок кылынышат, ишенимсиздер жер үстүнөн тукум курут болушат.