Накыл 20:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Шарап адамды шылдың кылат, күчтүү ичкилик адамды оолуктурат, буларга берилгендердин баары акылсыз.

2Падышанын каары арстандын айкырыгындай, аны каарданткан адам өзүнө каршы күнөө кылат.

3Чыр-чатактан качуу – адам үчүн абийир, ал эми акылсыз адам жаңжалчыл болот.

4Жалкоо адам кышында жер айдабайт, оруу-жыюу маалында издеп, эч нерсе таппайт.

5Адамдын жүрөгүндөгү ойлор – терең суулар, бирок акылдуу адам алардан сузуп ала берет.

6Көптөр адамды ырайымдуулугу үчүн макташат, бирок чынчыл адамды ким табат?

7Адил адам түз жүрөт, анын артында калган балдары бактылуу!

8Сот тагында отурган падыша көз карашы менен бардык жамандыкты кубалайт.

9«Мен жүрөгүмдү тазаладым, мен күнөөмдөн тазамын», – деп, ким айта алат?

10Бирдей эмес тараза, бирдей эмес чен-өлчөм Теңирдин алдында жийиркеничтүү.

11Өспүрүмдүн жүрүм-турумунун туура же туура эмес экенин кылган ишинен билип алууга болот.

12Уккан кулакты, көргөн көздү Теңир жараткан.

13Жакыр болбошуң үчүн, уктаганды жакшы көрбө. Көзүңдү ачып сергек бол, ошондо нанды тойгуча жейсиң.

14Сатып алуучу: «Жаман, жаман», – дейт, бирок мындай басканда: «Жакшы, жакшы», – деп мактанат.

15Алтын да, көп бермет да бар, бирок акылдуу сүйлөгөн ооз алардан кымбат.

16Бирөөгө кепил болгон адамдын көйнөгүн алып кал, чоочун бирөө үчүн кепил болгон адамдан күрөө ал.

17Алдамчылык менен табылган нан таттуу, бирок жегенден кийин, ооз шагылга толот.

18Ой-максат кеңеш аркылуу бекемделет, кеңешип алып согуш жүргүз.

19Сөз ташыган адам бирөөнүн сырын ачат. Оозун чоң ачкан адам менен байланышпа.

20Атасы менен энесине тил тийгизген адамдын чырагы коюу караңгылыкта өчөт.

21Шашылыш тартылып алынган мурас бата алып келбейт.

22«Жамандык үчүн өч алам», – дебе, Теңирге кой, ошондо Ал сени сактайт.

23Туура эмес тараза таштары Теңирдин алдында жийиркеничтүү, туура эмес таразалар жакшы эмес.

24Адамдын кадамын Теңир багыттайт, ошондуктан адам өз жолун кантип биле алат?

25Шашып убада берип коюп, андан кийин ойлонуу – адамга тузак.

26Акылдуу падыша мыйзамсыздарды сапырат, аларды дөңгөлөк астында калтырат.

27Адамдын руху – Теңирдин чырагы, ал адамдын жүрөгүнүн тереңин сынайт.

28Падышаны кайрымдуулук менен акыйкаттык сактап турат, ал өз тагын ырайымы менен кармап турат.

29Жаштардын атак-даңкы – алардын күчү, ал эми карылардын сөөлөтү – алардын ак чачы.

30Таяктан алган жараат – кыянаттыкка каршы даба, ичти аралап өткөн соккулар – жамандыкка каршы даба.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>