1Падышанын жүрөгү Теңирдин колунда: Ал аны агын суудай, каалаган жагына бурат.
2Адамдын бардык жолу өзүнө түз көрүнөт, бирок жүрөктү Теңир салмактайт.
3Курмандык чалганга караганда, акыйкаттык менен чындыкты сактоо Теңирге көбүрөөк жагат.
4Мыйзамсыздарды айырмалап турган текебер көз менен менменсинген жүрөк – күнөө.
5Аракетчил кишинин ойлору молчулукка умтулат, ал эми ар бир шашма адам зыян тартат.
6Жалган тил менен тапкан байлык – бат тараган буу, андай байлыкка умтулгандар өздөрүнө өлүм издешет.
7Мыйзамсыздардын зордук-зомбулугу өздөрүнүн башына түшөт, анткени алар акыйкаттыкты сактоодон баш тартышты.
8Бузулган адам терс жолдо жүрөт, ал эми таза адам туура иш кылат.
9Ажаан аял менен заңгыраган үйдө жашаганча, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган артык.
10Мыйзамсыздын жаны кыянаттыкты жакшы көрөт, ал өз досуна да ырайым кылбайт.
11Шылдыңчыл адам жазаланганда, жөнөкөй адам акылдуу болуп калат; акылдуу адам насаат укканда, билими дагы көбөйөт.
12Адил адам мыйзамсыздын үйүн карап, анын жамандыкка кабылганын көрөт.
13Жакырдын ыйын укпай, кулагын жаап алган адам өзү да ыйлайт, бирок аны эч ким укпайт.
14Жашыруун берилген белек ачууну басат, жең ичинен берилген тартуу катуу каарды кайт кылат.
15Акыйкаттыкты сактоо – адил адам үчүн кубаныч, кыянаттык кылгандар үчүн коркунуч.
16Түз жолдон чыккан адам өлгөндөргө кошулат.
17Оюн-күлкүнү жакшы көргөн адам жакырданат, ал эми шарап менен майды жакшы көргөн адам эч качан байыбайт.
18Адил адамдын кунуна мыйзамсыз адам кетет, арамдыгы жок адамдын кунуна амалкөй адам кетет.
19Ажаан, ачуулуу аял менен жашаганча, ээн талаада жашаган жакшы.
20Акылдуунун үйүндө суктандырган байлык жана май болот, ал эми акылсыз аларды чачат.
21Акыйкаттык менен кайрымдуулукту сактаган адам өмүрдү, чындыкты, атак-даңкты табат.
22Акылдуу адам күчтүүлөрдүн шаарына кирет да, алардын таянган чебин кулатат.
23Оозун жана тилин тыйган адам өз жанын жамандыктан сактайт.
24Текебер бузукунун аты – шылдыңчыл, ал текеберликтин күүсү менен иш кылат.
25Жалкоону өзүнүн ачкөздүгү өлтүрөт, анткени анын колдору иштегиси келбейт.
26Ал күн сайын аябай ачка болуп турат, адил адам болсо бере берет, бергенине өкүнбөйт.
27Мыйзамсыздардын курмандыгы жийиркеничтүү, айрыкча алардын эки жүздүүлүк менен алып келгени жийиркеничтүү.
28Жалган күбө өлөт, ал эми билгенин айткан адам ар дайым сүйлөйт.
29Мыйзамсыз адамдын бети калың, ал эми адил адам түз жүрөт.
30Теңирге каршы даанышмандык да, акылмандуулук да, акыл-кеңеш да жок.
31Атты согуш күнүнө карата даярдайт, бирок жеңиш Теңирден келет.