1Көп байлыкка караганда жакшы аттуу болгон артык; алтын менен күмүшкө караганда урматка ээ болуу артык.
2Бай менен кедей кезигишпей койбойт, экөөнү тең Теңир жараткан.
3Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат.
4Моюн сунуудан кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет.
5Тикенек менен тузак бузукунун жолунда, ким жанын сактагысы келсе, алардан оолак болсун.
6Баланы башынан түз жолго сал, ошондо ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт.
7Бай адам кедейге үстөмдүк кылат, карыз болгон адам карыз бергендин кулу болуп калат.
8Жалганды сепкен адам жамандыкты оруп алат, анын каар таягы да жок болот.
9Кайрымдуу адам бата алат, анткени ал жакырга өз нанынан берип жатат.
10Шылдыңчылды кууп жибер, ошондо талаш-тартыш токтойт, чыр-чатак да, уруш да басылат.
11Жүрөктүн тазалыгын сүйгөн адамдын оозунан чыккан сөздөр жагымдуу, ага падыша – жолдош.
12Теңирдин көзү билимди сактап турат, ал эми мыйзамды бузган адамдын сөзүн Ал четке кагат.
13Жалкоо адам: «Көчөдө арстан жүрөт! Аянтта мени өлтүрүп коюшат!» – деп айтат.
14Бузулган аялдардын оозу – терең аң. Теңир кимге каарданса, ал ошол аңга түшөт.
15Өспүрүмдүн жүрөгүнө акылсыздык жабышса, тарбиялоочу чыбык андагы акылсыздыкты жок кылат.
16Өзүнүн байлыгын көбөйтүш үчүн, жакырды кордогон адам, ошондой эле байга бир нерсе берген адам жакырданат.
17Кулагыңды төшөп, акылдуу адамдардын сөздөрүн ук, жүрөгүңдү менин билимиме бур.
18Эгерде сен аларды жүрөгүңө сактасаң, алар оозуңда болсо, анда алар сени сооротот.
19Теңирге таянышың үчүн, мен сени бүгүн да үйрөтүп жатам, муну эсиңе тут.
20Кеңештерим менен акыл-насааттарымда сага үч мертебе жазган жок белем?
21Сага чындыктын так сөздөрүн үйрөтүү үчүн, сени жиберген адамдарга чындыктын сөздөрүн айтып турушуң үчүн жазгам.
22Жакырды тонобо, анткени ал жакыр. Бактысыз адамга дарбаза алдында кысым көрсөтпө.
23Анткени алардын ишине Теңир кийлигишет, аларды талап-тоногондордун жанын алат.
24Ачуулуу адам менен достошпо, ачуусу чукул адам менен байланышпа,
25болбосо анын жолун үйрөнүп аласың жана өз жаныңа сыйыртмак саласың.
26Ортого түшүп, карыздын милдетин алба.
27Эгерде төлөй турган эч нерсең жок болсо, өзүңдү астыңдагы төшөгүңдү алдырганга чейин жеткирүүнүн кандай кажети бар?
28Ата-бабаларың өткөргөн мурунку чек араны жылдырба.
29Өз ишин жакшы билген адамды көрдүң беле? Ал жөнөкөй адамдардын алдында эмес, падышалардын алдында турат.