1Өкүмдар менен бир дасторконго отуруп калсаң, ким менен отурганыңды унутпа.
2Эгерде тамаксоо болсоң, кекиртегиңди тый.
3Анын таттуу тамактарына азгырылба, анткени ал – алдамчы тамак.
4Байлык жыйнаш үчүн түйшүк тартпа, мындай ойлоруңду ташта.
5Сен ага көзүңдү бурарың менен, ал жок болуп кетет, анткени ал өзүнө канат жасап алып, бүркүт сыяктуу асманга учуп кетет.
6Сараң кишинин колунан тамак жебе, анын таттуу тамактарына азгырылба.
7Анткени анын жүрөгүндөгү ойлору кандай болсо, өзү да ошондой, ал сага: «Ич, же», – дей берет, бирок жүрөгү сени менен эмес.
8Жеген бир кесимиңди кайра кусасың, жакшы сөздөрүңдү текке кетиресиң.
9Акылсыздын кулагына сүйлөбө, анткени ал сенин акылдуу сөздөрүңдү жек көрөт.
10Мурунку чек араны жылдырба, жетимдин талаасына кирбе.
11Анткени алардын Коргоочусу күчтүү, Ал сага каршы чыгып, аларга болушат.
12Жүрөгүңдү билимге кой, кулагыңды акылдуу сөздөргө төшө.
13Баланы жазасыз калтырба, чыбык менен жазалагандан ал өлбөйт.
14Чыбык менен жазалап, жанын өлгөндөр жаткан жайдан сактап каласың.
15Уулум! Эгерде сенин жүрөгүң акылдуу болсо, анда менин жүрөгүм да кубанат.
16Сенин оозуңдан туура сөздөр чыкканда, ички дүйнөм кубанат.
17Жүрөгүң күнөөкөрлөргө көз артпасын, тескерисинче, жүрөгүң бардык күндөрдө Теңирден коркуп турсун.
18Анткени келечегиң бар, үмүтүң ишке ашат.
19Уулум, кулак сал, акылдуу бол, жүрөгүңдү түз жолго бур.
20Шарап ичип мас болгондордун, этке ашыра тоюп алгандардын арасында болбо.
21Анткени ичкичтер менен ашыра тоюп алгандар жакырданып кетишет, уйкучулук жыртык кийим кийгизет.
22Атаңдын тилин ал, анткени ал сенин атаң, энеңди карып калганында да жек көрбө.
23Чындыкты сатып ал, акылмандыкты, билимди, акыл-эсти сатпа.
24Адил адамдын атасы сүйүнөт, акылманды төрөгөн кубанат.
25Атаң кубансын, төрөгөн энең сүйүнсүн.
26Уулум! Жүрөгүңдү мага бер, көзүң менин жолдорумду карап турсун.
27Анткени бузулган аял – терең аң, ошондой эле бирөөнүн аялы – тар кудук.
28Бузулган аял каракчыдай болуп буктурмада отуруп алып, эл арасында мыйзамды бузгандарды көбөйтөт.
29Улуган ким? Онтогон ким? Чатакташкан ким? Кайгырган ким? Себепсиз жараат алган ким? Көзү канталап кызарган ким?
30Алар – керээли-кечке шарап ичип отургандар, алар – күчтүү ичимдикти жакшы көргөндөр.
31Шараптын кызарганына, чөйчөктө көбүргөнүнө, мелтирегенине караба.
32Акырында ал сени жыландай, уулуу жыландай чагат.
33Башка бирөөнүн аялын карайсың, жүрөгүң бузуктукту сүйлөй баштайт.
34Ошондо деңиздин ортосунда, кеменин үстүндө уктап жаткан адамдай болосуң.
35Ошондо сен: «Мени сабашты, бирок эч жерим ооруган жок, мени түрткүлөштү, бирок эч нерсе сезген жокмун. Ойгонгондон кийин кайра ошону эле издейм», – деп айтасың.