1Жаман адамдарга көз артпа, алар менен чогуу болууну каалаба.
2Анткени алардын жүрөгү зордук-зомбулук жөнүндө ойлойт, тили жамандык жөнүндө сүйлөйт.
3Yй акылмандык менен курулат, акыл менен бекемделет.
4Yй ичи ар кандай кымбат баалуу, сонун мүлккө билгичтик менен толтурулат.
5Акылдуу адам күчтүү, даанышман адам өзүнүн күч-кубатын чыңдайт.
6Ошондуктан согушту ойлонуп жүргүз. Көп кеңеш ийгиликке жеткирет.
7Акылмандык акылсыз адам үчүн өтө бийик, дарбаза алдында ал ооз ачпайт.
8Жамандык кылууну ойлогон адамды кара ниет дешет.
9Акылсыз адамдын ою – күнөө, шылдыңчыл адам адамдар үчүн жийиркеничтүү.
10Эгерде сен башыңа мүшкүл түшкөн күнү алсыз экениңди сезсең, анда күчүң аз.
11Өлүмгө кыйылгандарды куткар. Өлүмгө өкүм кылынгандарды куткаруудан кантип баш тартасың?
12Сен: «Мына, биз муну билген эмес элек», – дегени турасыңбы? Эмне, жүрөктөрдү Сыноочу билбейт бекен? Сенин жүрөгүңдү Байкап Туруучу муну билет, Ал адамга кылган ишине жараша тиешесин берет.
13Уулум, бал же, анткени ал жагымдуу, даамы таңдайыңан кетпеген балды да же.
14Акылмандыкты таанып билүү да сенин жаныңа дал ошондой жагымдуу. Эгерде аны тапкан болсоң, анда келечегиң бар, үмүтүң ишке ашат.
15Мыйзамсыз, адил адамдын үйүнө жамандык ойлобо, анын жаткан жайын талап-тонобо.
16Анткени адил адам жети жолу жыгылат, бирок кайра турат, ал эми мыйзамсыздар жыгылып, өлүмгө дуушар болушат.
17Душманың кулаганда сүйүнбө, ал мүдүрүлгөндө жүрөгүң кубанбасын.
18Анткени муну Теңир көрөт, бул Ага жакпайт, Ал Өзүнүн ага болгон каарын токтотуп коёт.
19Жамандык кылгандарга ачууланба, мыйзамсыздарга көз артпа.
20Анткени жамандык кылгандардын келечеги жок, мыйзамсыздардын чырагы өчөт.
21Уулум, Теңирден жана падышадан корк, козголоңчулар менен байланышпа.
22Анткени Теңир менен падышадан өлүм күтүлбөгөн жерден келет, экөөнөн келе турган кыйроону ким алдын ала айта алат?
23Акылмандар да: «Сотто бет карамалык кылуу жакшы эмес», – деп айтышкан эмеспи.
24Күнөөкөргө: «Сеники туура», – деген адамды эл каргайт, аны уруулар жек көрөт.
25Ал эми айыпты ашкерелегендерди эл жакшы көрөт, алар бата алышат.
26Туура жооп ооздон өпкөндөй.
27Адегенде үйүңдөн сырткаркы иштерди жаса, талаадагы иштериңди бүтүр, анан үйүңдү кур.
28Жакыныңа жалган күбө болбо. Жалган сүйлөп эмне кыласың?
29«Ал мага кандай кылса, мен да ага ошондой кылам, ага кылганына жараша тиешесин берем», – дебе.
30Мен жалкоо кишинин талаасынын жанынан, кем акыл кишинин жүзүмзарынын жанынан өттүм.
31Баарын тикенек басып кетиптир, аны чалкан каптап калыптыр, таш дубалы урап калыптыр.
32Муну көрүп, жүрөгүмдү өзгөрттүм, муну көрүп, өзүмө сабак алдым:
33«Бир аз уктай турсаң, бир аз үргүлөп жата турсаң, бир аз колуңду бооруңа алып жата турсаң,
34жакырлык сага жолоочудай кирип келет, муктаждык сага куралдуу кишидей кирип келет».