Накыл 25:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Булар да Жүйүт падышасы Хискиянын кишилери жыйнаган Сулаймандын накыл сөздөрү.

2Кудайдын даңкы – ишти жашыруун кармоо, ал эми падышалардын даңкы – ишти изилдөө.

3Асмандын бийиктиги, жердин тереңдиги жана падышалардын жүрөгү изилденгис.

4Күмүштөн кошундуну ажырат, ошондо зергердин колунан идиш чыгат.

5Падышадан адилетсиз адамды алыс кыл, ошондо анын тагы чындык менен бекемделет.

6Падышалардын алдында өзүңдү жогору көтөрбө, улуу адамдардын ордуна турба.

7Анткени сени көзүң көргөн атактуу адамдардын алдында кемсинтишкенден көрө, сага: «Кел бул жерге, жогору өт», – деп айтышканы жакшы.

8Талашып-тартышканга шашпа, атаандашың маскара кылса эмне болот?

9Атаандашың менен талашып-тартыш, бирок уккан адам сени жемелебеши үчүн,

10бирөөнүн жашыруун сырларын ачпа, болбосо өмүр бою маскара болуп өтөсүң.

11Орундуу сөз – жаркыраган күмүш идиштеги алтын алма.

12Акылдуу ашкерелөөчү – көңүл коюп уккан кулак үчүн алтын сөйкө жана таза алтындан жасалган жасалга.

13Оруу-жыюу маалында кар кошулган ичимдик кандай болсо, ишенимдүү элчи аны жиберген адам үчүн ошондой. Ал мырзасынын жүрөгүн кубантат.

14Жалган белек менен мактанган адам жамгыры жок булут менен шамалдай.

15Момундук төрөнү ырайым кылууга түртөт, жумшак тил сөөктү сындырат.

16Сен бал таап алдыңбы? Канча керек болсо, ошончо же, ашыра тоюп алсаң, кусасың.

17Досуңдун үйүнө кайра-кайра эле бара бербе, болбосо ал сенден жадап, сени жек көрүп калат.

18Жакынына каршы жалган күбөгө өтүп, жалаа жапкан киши балкадай, кылычтай, курч жебедей.

19Башка мүшкүл түшкөн күнү ишенимсиз адамга таянуу сынган тишке, алсыз бутка таянууга барабар.

20Кайгылуу жүрөккө ырдоо суук күнү бирөөнүн чапанын чечип алганга, жарасына уксус куйганга барабар.

21Душманың ачка болсо, нанга тойгуз, суусап турса, суусунун кандыр.

22Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок үйөсүң. Ошондо Теңир сага тиешеңди берет.

23Түндүктөн соккон шамал жамгыр жаадырат, ал эми ушакчынын сөзү нааразы жүздөрдү туудурат.

24Ажаан аял менен заңгыраган үйдө жашаганча, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган жакшы.

25Алыскы өлкөдөн келген жакшы кабар суусап алсыраган жанга муздак суу ичиргенге барабар.

26Мыйзамсыздын алдында адил адамдын жыгылышы – булактын ылайланганындай, кудуктун бузулганындай.

27Балды көп жеген жакшы эмес, ошол сыяктуу эле сая кууп жеткен атак-даңк – атак-даңк эмес.

28Өз рухун башкара албаган адам талкаланган, чепсиз шаарга окшош.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>