1Акылсыз адамга көрсөтүлгөн урмат жайында жааган кардай, оруу-жыюу маалында жааган жамгырдай орунсуз.
2Жөн жерден айтылган каргыш таранчынын бырп этип, чабалекейдин шуу этип учуп кеткениндей, ал орундалбайт.
3Камчы ат үчүн, жүгөн эшек үчүн, ал эми таяк акылсыздар үчүн.
4Акылсыз адамга акылсыздыгына жараша жооп бербе, болбосо өзүң да ага окшоп акылсыз болуп каласың.
5Акылсыз өзүн акылдуу эсептеп калбашы үчүн, ага акылсыздыгына жараша жооп бер.
6Акылсызды чабарман кылуу өз бутун өзү кескенге барабар, анткен адам балээни башына үйөт.
7Акылсыздардын накыл айтканы аксактын басыгындай.
8Асыл ташты салмоорго салып ыргытуу акылсызга урмат көрсөтүүгө барабар.
9Акылсыздын оозунан чыккан накыл сөз мастын колундагы тикенектей.
10Күчтүү адам бардык нерсени өз каалоосу боюнча кылат: ал акылсызды да сыйлайт, өтүп бара жаткан кишини да сыйлайт.
11Дөбөт өзүнүн кусундусуна кайра келгендей, акылсыз да акылсыздыгын кайра кайталай берет.
12Өзүн акылман эсептеген адамды көрдүң беле? Ага караганда акылсыз адамга көбүрөөк үмүттөнсө болот.
13Жалкоо адам: «Жолдо арстан турат! Аянтта арстан турат!» – дейт.
14Эшик өзүнүн ашык-машыгында айланат, ал эми жалкоо өзүнүн төшөгүндө оонайт.
15Эринчээк адам колун чөйчөккө сунат, бирок аны оозуна жеткирүү – ал үчүн кыйын иш.
16Жалкоо өзүн ойлонуп жооп берген жети кишиден акылдуу эсептейт.
17Өтүп бара жатып бирөөнүн чыр-чатагына кийлигишүү дөбөттү кулактан алганга барабар.
18Акылынан ажырамыш болуп, оттуу өлүм жебелерин ыргытуу
19досуна эки жүздүүлүк менен зыян келтирип туруп: «Мен тамашалап эле койдум», – дегенге барабар.
20Отун жок жерде от өчөт, ушакчы жок жерде чатак басылат.
21Жыгачтын көмүрү ысытат, отун отту тутантат, ал эми урушчаак адам чыр-чатак чыгарат.
22Ушакчынын сөздөрү таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.
23Таза эмес жүрөктөн чыккан жагымдуу сөздөр таза эмес күмүш менен капталган чопо идиштей.
24Душман тили менен анткорлонуп сүйлөйт, бирок жүрөгүндө жамандык ойлоп турат.
25Ал назик үн менен сүйлөсө да, ага ишенбе, анткени анын жүрөгүндө жети кыянатчылык бар.
26Эгерде жек көргөнүн билгизбей алдап жүрсө, анда анын ачуусу эл чогулган жерде билинет.
27Бирөөгө ор казган адам орго өзү түшөт, тоголоткон ташы тоголоткон адамдын өзүнө келип тиет.
28Жалганчы тил өзү ыза кылган адамдарды жек көрөт, кошоматчы ооз бирөөгө жыгылуу даярдайт.