Накыл 27:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Эртеңки күн менен мактанба, анткени эртеңки күнү эмне болорун билбейсиң.

2Сени өз оозуң эмес, башка бирөөнүн оозу мактасын. Сени өз тилиң эмес, бөлөк бирөөнүн тили мактасын.

3Таш оор, кум да салмактуу, бирок акылсыздын ачуусу экөөнөн тең оор.

4Каар катаал, жаал тыйылгыс, бирок кызганчаактыкка ким туруштук бере алат?

5Жашыруун сүйүүгө караганда ачык айтылган ашкере жакшы.

6Сүйгөн адамдын жемеси чын жүрөктөн чыгат, жек көргөн адамдын өбүүсү жалган.

7Курсагы ток адам балды да тебелейт, ачка кишиге ачуунун баары таттуу.

8Өз жерин таштап кеткен адам уясын таштап кеткен канаттуудай.

9Жыпар жыттуу майлоочу май жана түтөтүлүүчү зат жүрөктү кубантат, адамга досунун чын жүрөктөн берген кеңеши да ошондой жагымдуу.

10Өз досуңду да, атаңдын досун да таштаба. Башыңа мүшкүл түшкөн күнү бир тууганыңдын үйүнө барба, алыстагы бир тууганыңдан жаныңдагы кошунаң артык.

11Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам.

12Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат.

13Бирөөгө кепил болгон адамдын көйнөгүн алып кал, чоочун бирөө үчүн кепил болгон адамдан күрөө ал.

14Досун таң заардан катуу мактай баштаган адамды жамандап жаткан адам катары эсептешет.

15Ажаан аял жамгыр жааган күнү тынымсыз тамчылаган тамчыдай,

16аны жашыргысы келген адам шамалды жашыргысы келген адамдай жана өзү жөнүндө билдирип турган майды оң колуна жашыргысы келген адамдай.

17Темирди темир курчутат, адамды адам курчутат.

18Анжырды кайтарган адам анын мөмөсүн жейт. Мырзасын сактаган адам урматка ээ болот.

19Адамдын жүзүнүн кандай экенин суу көрсөтөт, адамдын өзү кандай экенин жүрөгү көрсөтөт.

20Өлгөндөр жаткан жай менен Абадон – тойбогон жай. Адамдын көзү да ошолор сыяктуу эле тойбойт.

21Күмүш үчүн эритүүчү меш, алтын үчүн көөрүктүн очогу кандай болсо, адам үчүн аны мактаган ооз ошондой.

22Акылсызды сокуга салып, сокбилек менен жанчсаң да, андан акылсыздык ажырабайт.

23Бодо малыңды жакшы кара, майда малыңды бак.

24Анткени байлык түбөлүк эмес, ал тургай, бийлик да муундан муунга өтпөйт.

25Чөп чабылат, кайра чөп чыгат, анан тоонун чөбү чабылат.

26Койлоруң кийим, эчкилериң жер сатып алууга кетет.

27Эчкинин сүтү өзүңдүн да, үйүңдөгүлөрдүн да, үйүңдөгү күңдөрүңдүн да тамак-ашына жетет.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>