1Мыйзамсыз адам артынан эч ким кубалабаса деле качып жүрөт, ал эми адил адам арстандай айбаттуу.
2Мамлекет мыйзамдан четтегенде, аны башкаргандар көбөйөт. Ал эми акылман жана билерман адам башкарганда, ал көпкө жашайт.
3Алсыздарды эзген жакыр адам эгинди жууп кеткен нөшөрдөй.
4Мыйзамдан четтегендер адилетсиздерди макташат, ал эми мыйзамды сактагандар аларга каршы чыгышат.
5Кара өзгөй кишилер адилеттикти түшүнүшпөйт, ал эми Теңирди издегендер бардыгын түшүнүшөт.
6Бай болуп терс жолдо жүргөнгө караганда, кедей болуп күнөөсүз жашаган жакшы.
7Мыйзамды сактаган уул – акылдуу уул, ал эми ысырапчылар менен достошкон уул атасын уятка калтырат.
8Сүткордук кылып ашыгы менен алып байыган адам байлыгын жакырларга кайрымдуулук кылган адам үчүн жыйнап жатат.
9Мыйзамды уккусу келбей кулагын жапкан адамдын сыйынуусу да жийиркеничтүү.
10Адил адамдарды жаман жолго азгырган адам өз оруна өзү түшөт, ал эми кемчиликсиз адамдар жакшылыкты мурасташат.
11Бай адам өзүн акылдуу эсептейт, бирок акылдуу кедей аны ашкерелейт.
12Адил адамдар салтанат курушканда, чоң кубаныч болот, ал эми мыйзамсыздар бийликке келгенде, адамдар жашына башташат.
13Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат.
14Кудайдын алдында ар дайым коркуп жашаган адам бактылуу, ал эми жүрөгүн өжөрлөнткөн адам кырсыкка кабылат.
15Жакыр элге үстөмдүк кылган мыйзамсыз өкүмдар айкырган арстандай, ачка аюудай.
16Акылы жок өкмөт башчысы көп кысымчылык көрсөтөт, ал эми ачкөздүктү жек көргөн өкүмдардын өмүрү узун болот.
17Адамдын канын төгүп айыптуу болгон адам бирөө кармап албасын деп, көргө киргенге чейин качып жүрүп өтөт.
18Түз жүргөн адам зыян тартпайт, ал эми туура эмес жолдор менен жүргөн адам ошол жолдордун биринде чалынып жыгылат.
19Жерин иштеткен адам нанга тоёт, бекерпоздорду туураган адам жокчулукка тоёт.
20Ишенимдүү адам батага бай, ал эми байыганга ашыккан адам жазаланбай калбайт.
21Бет карама болуу жакшы эмес, андай адам бир сындырым нан үчүн да адилетсиздикке барат.
22Ичи тар киши байлыкка ашыгат, башына жакырчылык келерин ойлобойт.
23Тили менен жасакерленген адамга караганда бетке айткан адам акыры чоң ылым табат.
24Өз атасы менен өз энесин тоноп, «Бул күнөө эмес» деген адам – каракчылардын шериги.
25Менменсинген адам чыр-чатак чыгарат, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам жыргал турмуш өткөрөт.
26Өзүнө таянган адам акылсыз, акылмандык менен жүргөн адам аман-эсен болот.
27Жакырга берген адам жакырланып калбайт, ал эми аларга көзүн жумуп койгон адам көп каргышка калат.
28Мыйзамсыздар бийликке келишкенде, адамдар жашына башташат; алар кулашканда, адил адамдар көбөйө башташат.