1Айыбы ашкереленген адам моюн сунбай өжөрлөнүп койсо, күтүлбөгөн жерден кыйрайт, дартына даба табылбайт.
2Адил адамдар көбөйө баштаганда, эл шаттыкка бөлөнөт, ал эми мыйзамсыз адам үстөмдүк кылганда, эл онтойт.
3Акылмандыкты сүйгөн адам атасын кубантат, ал эми бузулган аялдар менен жүргөн адам мал-мүлктү чачат.
4Падыша акыйкаттык менен жерди бекемдейт, ал эми алык-салыкты көбөйткөн падыша аны жакырчылыкка алып келет.
5Досуна кошомат кылган адам анын бутуна тузак тартат.
6Жаман адамдын күнөөсү өзүнө жайылган тор болот, ал эми адил адам кубанып, шаттанып жүрөт.
7Адил адам жакырлардын ишин кылдаттык менен териштирет, ал эми мыйзамсыз адам ишти териштирбейт.
8Бузулган адамдар шаарды дүрбөлөңгө салышат, ал эми акылдуу адамдар дүрбөлөңдү басышат.
9Акылдуу адам акылсыз адам менен соттошкондо, ачууланса да, күлсө да тынчтыгын жоготот.
10Канкор адамдар ак ниет адамды жек көрүшөт, ал эми адил адамдар анын өмүрү үчүн кам көрүшөт.
11Акылсыз адам бүт каарын чачат, ал эми акылдуу адам ачуусун басат.
12Эгерде башкаруучу жалган сөз угуп жатса, анда анын кызматчыларынын баары – мыйзамсыз адамдар.
13Жакыр менен паракор кезигишпей койбойт, экөөнө тең жарыкты Теңир берет.
14Эгерде падыша кембагалдарды акыйкат соттосо, анда анын тагы түбөлүккө бекемделет.
15Чыбык жана ашкерелөө акылмандык берет, бирок өз эркине коюлган уул энесин уятка калтырат.
16Мыйзамсыз адамдар көбөйгөндө, мыйзамсыздык көбөйөт, бирок адил адамдар алардын кыйраганын көрүшөт.
17Уулуңду жазала, ошондо ал жаныңа тынчтык берип, кубаныч тартуулайт.
18Кудайдан аян болмоюнча, эл ооздукталбайт, ал эми Кудайдын мыйзамын сактаган адам бактылуу.
19Кулду сөз менен үйрөтө албайсың, анткени ал сөздү түшүнсө да, тил албайт.
20Алды-артын ойлобой сүйлөгөн адамды көрдүң беле? Ага үмүттөнгөнгө караганда, акылсызга көбүрөөк үмүттөнсө болот.
21Эгерде кулду бала чагынан эркелетип тарбияласаң, акыры ал сага бала болгусу келет.
22Каардуу адам чыр-чатак чыгарат, ачуусу чукул адам көп күнөө кылат.
23Адамды өзүнүн текебердиги кемсинтет, ал эми момун адам урматка ээ болот.
24Ууру менен үлүштөш болгон адам өз жанын жек көрөт, ал каргыштарды укса да, бул жөнүндө эч кимге айтпайт.
25Адамдардан коркуу тузак коёт, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам коопсуз болот.
26Адамдардын көбү башкаруучунун алдында ырайым тапкысы келет, бирок адамдын тагдыры Теңирдин колунда.
27Мыйзамсыз адам адил адамдар үчүн жийиркеничтүү, түз жол менен жүргөн адам мыйзамсыз адам үчүн жийиркеничтүү.