Накыл 3:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Уулум! Менин акыл-насаатымды эсиңден чыгарба, жүрөгүң осуяттарымды сактасын.

2Анткени алар сага узун өмүр, узак өмүр жаш, тынчтык берет.

3Сени ырайым менен чындык таштабасын. Буларды мойнуңа байлап ал, жүрөгүңдүн лоокторуна жазып ал,

4ошондо Кудайдын жана адамдардын алдында ырайым жана жакшылык табасың.

5Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба.

6Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт.

7Өзүңдү акылман эсептебе, Теңирден корк, жамандыктан кач.

8Бул денеңе саламаттык, сөөгүңө азык болот.

9Теңириңе мал-мүлкүң менен, алгачкы кирешең менен урмат көрсөт.

10Ошондо кампаларың ашыгы менен данга толот, жүзүм сыгылуучу жайыңдан жаңы шарап ашып-ташып төгүлүп турат.

11Уулум, Теңирдин жазасын четке какпа, Анын айыбыңды ачканын оор көрбө.

12Анткени Теңир сүйгөн адамын жазалайт, ага атасы уулуна ырайым кылгандай ырайым кылат.

13Акылмандыкты издеп тапкан, акылга ээ болгон адам бактылуу!

14Анткени акылга ээ болуу күмүшкө ээ болуудан артык, анын жемиши алтындан артык.

15Ал асыл таштардан кымбат. Сен каалагандардын ичинен ага эч нерсе тең келбейт.

16Анын оң колунда – узун өмүр, сол колунда – байлык менен атак-даңк.

17Анын жолу – жагымдуу жол, анын бардык жолу – бейпилдик.

18Ага ээ болгондор үчүн ал – өмүр дарагы, аны сактагандар – бактылуу адамдар!

19Теңир жерди кеменгерлиги менен негиздеген, асманды акылмандыгы менен орноткон.

20Анын акылмандыгы менен түпсүз туңгуюктар ачылган, булуттар шүүдүрүм себелейт.

21Уулум! Булардан көзүңдү алба, туура ой жүгүртүүнү, эстүүлүктү сакта,

22алар жаның үчүн өмүр, мойнуң үчүн мончок болот.

23Ошондо өз жолуңду коркпостон улайсың, мүдүрүлбөйсүң.

24Жатканыңда коркпойсуң, уйкуң таттуу болот.

25Күтүлбөгөн коркунучтан, мыйзамсыздардын кол салганынан коркпойсуң.

26Анткени Теңир сенин таянычың болот, бутуңду тузактан сактайт.

27Жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгүң бар болуп турганда, муктаж болгон адамга жакшылык кылуудан баш тартпа.

28Жаныңда бар болуп туруп, досуңа: «Эртең кел, эртең берем», – дебегин.

29Сени менен капарсыз жашап жаткан жакыныңа жамандык кылууну ойлобо.

30Сага жамандык кылбаган адам менен себепсиз чатакташпа.

31Зордук-зомбулук кылган адамга көз артпа, анын жолдорунун бирине да түшпө.

32Анткени бузулган адам Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми адил адамдар менен Анын байланышы бар.

33Теңирдин каргышы мыйзамсыздын үйүнүн үстүндө, ал эми адил адамдардын үйүнө Ал батасын берет.

34Эгерде Ал шылдыңчыл текеберлерди уятка калтырып жатса, анда момундарга ырайым кылат.

35Акылмандар атак-даңкты, акылсыздар маскарачылыкты мурасташат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>