Накыл 30:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Жакеп уулу Агурдун сөздөрү. Ал кишинин Итиелге жана Ухалга айткан, адамды шыктандырган накыл сөздөрү мындай:

2«Чындыгында, эл ичинде мен эң акылсыз адаммын, менде адамдык акыл жок.

3Мен акылмандыкты да үйрөнө алган жокмун, менде ыйык адамдарда болгон Кудайды таанып билүү да жок.

4Асманга көтөрүлүп, кайра түшкөн барбы? Шамалды чогултуп, кош уучуна салып алган барбы? Сууну кийимине түйүп алган барбы? Жердин бүт чектерин ким койду? Анын аты ким? Анын баласынын аты ким? Билесиңби?

5Кудайдын ар бир сөзү таза, Ал – Өзүнө таянгандарга калкан.

6Ал сени ашкерелебеши үчүн, алдамчы болуп калбашың үчүн, Анын сөздөрүнө эч нерсе кошпо.

7Мен Сенден эки нерсе сурайын, орундатпай койбо:

8бул жашоомдо менден курулай убаракерчиликти жана алдамчылыкты алыс кыл, мени бай да, жакыр да кылба, мени күндөлүк турмушта эң зарыл болгон нан менен камсыз кыл.

9Ашыра тоюп алып, Өзүңдөн баш тартпайын, “Теңир ким?” деп айтпайын же жакырданып кетип, уурулук кылбайын, Кудайымдын атын курулай атабайын.

10Каргышына калбашың үчүн, күнөөлүү болуп калбашың үчүн, кулду мырзасынын алдында жамандаба.

11Атасына наалат айткан, энесине ыраазы болбогон адамдар бар.

12Өзүнүн ыпыластыгынан жуулбай туруп, өзүн тазамын деп эсептеген адамдар бар.

13Менменсинген, боюн көтөргөн адамдар бар.

14Жер үстүндөгү жакырларды жана эл ичиндеги жарды-жалчыларды жей турган тиштери кылыч, жаактары шамшар болгон адамдар бар.

15Тойбостун “Келе, келе” деген эки кызы бар. Тойбогон үч нерсе бар, “Жетет” дебеген төрт нерсе бар.

16Булар: өлгөндөр жаткан жай жана тукумсуз жатын, сууга тойбогон жер жана “Жетишет” дебеген от.

17Атасын мыскылдаган, энесине баш ийбеген көздү чөл кузгундары чокуп салат, бүркүттүн барчындары жеп салат.

18Мен үчүн үч нерсе кол жеткис, төрт нерсени түшүнбөйм:

19асмандагы бүркүт жолу, аскадагы жылан жолу, деңиздеги кеме жолу, кызга барган жигиттин жолу.

20Бузулган аялдын жолу да ошондой: жеп бүтүп, оозун аарчып: “Мен эч кандай жамандык кылган жокмун”, – дейт.

21Yч нерседен жер солкулдайт, төрт нерсени көтөрө албайт:

22кулдун падыша болгонуна, акылсыздын нанды тоё жегенине,

23бузулган аялдын күйөөгө тийгенине, күңдүн өзүнүн мырзайымынын ордун ээлеп алганына.

24Жер үстүндө төрт майда жаныбар бар, бирок алар акылдуулардан да акылдуу:

25кумурскалар, күчтүү эл эмес, бирок алар өздөрүнүн азыгын жайында камдап алышат;

26тоо чычкандары, алсыз эл, бирок алар үйлөрүн аскаларга салышат;

27чегирткелер, алардын падышасы жок, бирок бардыгы тизилип чыгышат;

28жөргөмүштөр, алар буттары менен илинип турушат, бирок падышанын ак сарайларында болушат.

29Басканы сонун үч нерсе бар, жүрүшү укмуш төрт нерсе бар:

30арстан, ал – жырткычтардын эң күчтүүсү, эч кимге жол бербейт;

31жылкы, эчки жана өз элинин арасындагы падыша.

32Эгерде сен өзүңдүн текебердигиң менен акылсыздык кылып, бирөөгө жамандык ойлогон болсоң, анда колуң менен оозуңду жап.

33Анткени сүттү бышса май түшөт, мурунга урса кан чыгат, ошондой эле ачууну козгосо чатак чыгат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>