Накыл 31:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Лемуел падышанын сөздөрү. Энесинин ага айткан акыл-насааттары булар:

2«Эмне болду, уулум? Эмне болду, жатынымдан чыккан уулум? Эмне болду, убада берип төрөгөн уулум?

3Күчүңдү аялдарга бербе, жолдоруңду падышаларды ойрон кылган бузулган аялдарга бербе.

4Лемуел, падышаларга шарап, мырзаларга күчтүү ичимдик ичкенге болбойт.

5Алар ичкилик ичип алып, мыйзамды унутуп коюшпасын, эзилгендерге адилетсиздик кылышпасын.

6Ичкиликти өлүп бара жаткан адамга бергиле, шарапты кайгыга баткан адамга бергиле.

7Ал ичип, жакырлыгын унутсун, өзүнүн кайгысын эсинен чыгарсын.

8Оозуңду сүйлөй албай тургандар үчүн, жетимдерди коргош үчүн ач.

9Оозуңду акыйкаттык үчүн, алсыздар менен жарды-жалчылардын иши үчүн ач».

10Ким жакшы аял таба алат? Анын баасы асыл берметтерден да жогору.

11Ага күйөөсүнүн жүрөгү ишенет, күйөөсү кирешесиз калбайт.

12Ал күйөөсүнө өмүрү өткөнчө жамандык менен эмес, жакшылык менен гана кайтарат.

13Ал жүн, зыгыр буласын өндүрөт, өз колу менен чын жүрөктөн иштейт.

14Ал аял соодагерлердин кемелерине окшоп, өзүнүн нанын алыстан табат.

15Ал таң ата электе эле туруп, үйүндөгүлөргө тамак берип, күңдөрүнө белгиленген иштерди тапшырат.

16Жер алгысы келсе, ага да ээ болот. Өз колунун жемиши менен жүзүмзар отургузат.

17Белин бекем бууп, булчуңдарын чыңайт.

18Ал өз ишинин жакшы экенин сезет, анын чырагы түн ичинде да өчпөйт.

19Колун жип ийрүүчү чарыкка сунат, колуна ийик алат.

20Жардыларга алаканын ачат, муктаж болгондорго колун сунат.

21Суук болгондо үй-бүлөм үшүйт деп коркпойт, анткени анын бүт үй-бүлөсү эки сыйрадан кийим кийген.

22Ал өзүнө килем согот, ак мата менен кызыл шайыдан кийим киет.

23Анын күйөөсү – кадырлуу адам, дарбаза алдында уруу аксакалдары менен отурат.

24Ал жабуу жасап сатат, финикиялык соодагерлерге кур жеткирет.

25Күч менен сулуулук – анын кийими, ал келечекке кубанычтуу карайт.

26Акылмандык менен сүйлөйт, момундук менен акыл-насаат айтат.

27Ал өз үйүндөгү чарбасына көз салат, бекер тамак жебейт.

28Балдары туруп, аны сыйлашат, күйөөсү туруп, аны мактайт:

29«Жакшы аялдар көп болгон, бирок сен алардын баарынан ашып түштүң».

30Сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет, бирок Теңирден корккон аял мактоого татыктуу.

31Ага өз колунан чыккан жемишинен бергиле, иштери аны дарбаза алдында даңктасын!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>