1Балдар, атаңардын акыл-насаатын уккула, акыл-эстүү болуу үчүн кулак салгыла!
2Анткени мен силерге жакшы сабак бердим. Менин осуяттарымды таштабагыла.
3Анткени мен да бир кезде атамдын уулу элем, энемдин жалгыз, сүйүктүү уулу элем.
4Ошондо атам мага акыл үйрөтүп: «Жүрөгүңө менин сөздөрүмдү тутуп ал, осуяттарымды сактап жаша», – деген.
5Даанышмандыкка ээ бол, акылмандуулукка ээ бол. Муну эсиңден чыгарба, менин айткандарымдан четтебе.
6Менин сөзүмдү таштаба, ошондо ал сени сактап жүрөт; аны сүй, ошондо ал сени коргоп жүрөт.
7Эң негизгиси – акылмандык. Акылмандыкка ээ бол, бардык мал-мүлкүң менен акыл-эстүүлүккө ээ бол.
8Аны бийик бааласаң, ал сени бийикке көтөрөт. Эгерде ага жабышсаң, ал сенин даңкыңды чыгарат.
9Ал сенин башыңа эң сонун гүлчамбар кийгизет, эң сонун таажыга жеткирет.
10Кулак сал, уулум, менин сөздөрүмдү кабыл ал, ошондо өмүрүң узарат.
11Мен сага акылмандыктын жолун көрсөтүп жатам, түз жол менен алып бара жатам.
12Бара жатканыңда жолуң тарыбайт, чуркап жөнөсөң мүдүрүлбөйсүң.
13Акыл-насааттарды бекем карма, аны таштаба, сактап жүр, анткени ал сенин өмүрүң.
14Мыйзамсыздардын жолуна түшпө, зулумдардын жолу менен жүрбө.
15Ал жолду ташта, ал жол менен баспа, ал жолго жолобо, ал жолдон кыя өт.
16Анткени алар жамандык кылмайынча укташпайт, бирөөнү кулатмайынча, алардан уйку качат.
17Анткени алар мыйзамсыздык менен нан таап жешет, уурдалган шарап ичишет.
18Адил адамдардын жолу – жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет.
19Мыйзамсыздардын жолу – караңгылык, алар эмнеге мүдүрүлөрүн билишпейт.
20Уулум! Менин сөздөрүмө кулак сал, айткандарыма кулагыңды төшө!
21Алар сенин көз алдыңдан кетпесин, аларды жүрөгүңдүн түпкүрүндө сакта.
22Анткени ал – аны тапкандар үчүн өмүр, бүт денеси үчүн – саламаттык.
23Баарынан да, сактай тургандардан жүрөгүңдү сакта, анткени өмүрдүн булагы анда.
24Калп айтуудан баш тарт, анткорлонуп сүйлөөдөн кач.
25Көзүң түз карасын, көз карашың түз болсун.
26Басар жолуңду ойлонуп бас, ошондо сенин бүт жолуң бекем болот.
27Оңго да, солго да бурулба, бутуңду жаман жолдон алыс кыл.