1Уулум! Акыл-эстүү болушуң үчүн, оозуңда билим болушу үчүн, менин даанышмандык менен айткан сөздөрүмө кулак сал, акылмандык менен айткан сөздөрүмө кулак төшө.
3Анткени башка бирөөнүн аялы тилинен бал тамызып сүйлөйт, сүйлөгөн сөздөрү зайтун майынан да жумшак.
4Бирок анын акыры эрмендей ачуу, эки миздүү кылычтай курч.
5Анын буту өлүмгө алып барат, таманы өлгөндөр жаткан жайга түшүрөт.
6Эгерде сен анын баскан жолун билгиң келсе, анын жолдору туруктуу эмес, ошондуктан сен аларды биле албайсың.
7Ошондуктан, балдарым, мени уккула, менин оозумдан чыккан сөздөрдөн четтебегиле.
8Ал аялдан алыс жүр, анын үйүнүн эшигине жакын барба,
9болбосо ден соолугуңду башкаларга алдырасың, өмүрүңдү кыйноочуга бересиң,
10күчүңө башка бирөөлөр тоёт, эмгегиң башка бирөөнүн үйүнө кетет.
11Дене-мүчөң күч-кубаттан ажыраганда, онтоп,
12мындай деп айтасың: «Эмне үчүн мен акыл-насаатты жек көрдүм экен, эмне үчүн жүрөгүм ашкерелөөнү капарына албады экен?
13Эмне үчүн устаттарымдын үнүн укпадым экен, эмне үчүн насаатчыларыма кулак төшөбөдүм экен?
14Аз жерден элдин жана коомдун арасында ар кандай жамандыкка дуушар болуп кала жаздадым».
15Өз көлмөңдөгү, өз кудугуңдагы суудан ич.
16Булактарың көчөгө, агын сууларың аянттарга акпасын.
17Алар жат кишиге эмес, бир гана сага таандык болсун.
18Булагың баталуу болсун. Жаш кезде алган,
19маралдай сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайыма ыракаттан.
20Уулум, башка бирөөнүн аялына кызыгып, башка бирөөнүн аялынын төшүн кучактап эмне кыласың?
21Адамдын жолдору Теңирдин көз алдында, Ал анын ар бир кадамын ченеп турат.
22Мыйзамсыз адамды өзүнүн мыйзамсыздыгы тузакка түшүрөт, ал өз күнөөсүнүн торунда камалып турат.
23Ал акыл-насааттын жетишсиздигинен өлөт, акылсыздыгынын көптүгүнөн жок болот.