Накыл 6:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Уулум! Эгерде жакыныңа кепил болуп, башка бирөө үчүн кол берсең,

2анда сен оозуңдан чыккан сөзүң менен өзүңдү чырмап алдың, өз оозуңдан чыккан сөздөрүң менен кармалдың.

3Уулум, мындай кыл: өзүңдү куткар, анткени сен жакыныңдын колуна түшүп калдың, бар, бутуна жыгыл, жакыныңа жалынып-жалбар.

4Көзүңдү ирмебе, кирпик какпа.

5Мергенчинин колунан кутулган жейрендей, кушчунун колунан кутулган куштай кутул.

6Жалкоо, кумурскаларды кара, алардын иш-аракетин көр, анан акылыңа кел.

7Алардын башчысы да, көзөмөлчүсү да, өкүмдары да жок.

8Бирок алар өздөрүнүн нанын жайында камдап алышат, өздөрүнүн азыгын оруу-жыюу маалында жыйнап алышат.

9Жалкоо, качанга чейин уктай бересиң, качан ойгоносуң?

10Бир аз уктай турсаң, колуңду бооруңа алып, үргүлөп, бир аз жата турсаң,

11жакырлыгың жолоочудай, муктаждыгың каракчыдай кирип келет.

12Анткор, мыйзамсыз адам жалган сүйлөйт.

13Көзүн кысат, буту менен сүйлөп, манжалары менен белги берет.

14Анын жүрөгүндө жүзү каралык, качан болбосун, ойлогону жамандык, арага чагым салат.

15Ошон үчүн ал күтүлбөгөн жерден өлөт, капыстан талкаланат, айыкпас дартка чалдыгат.

16Теңир жек көргөн алты нерсе, атүгүл, Анын жанына жийиркеничтүү болгон жети нерсе:

17менменсинген көздөр, жалган тил, жазыксыз адамдын канын төккөн кол,

18жамандык ойлогон жүрөк, кыянаттык кылганга тез чуркаган буттар,

19жалган жалаа жапкан жалган күбө, бир туугандардын ортосуна от жаккандар.

20Уулум! Атаңдын осуяттарын сакта, энеңдин акыл-насаатын четке какпа.

21Аларды жүрөгүңө түбөлүккө байлап ал, мойнуңа тегерете байлап ал.

22Жолго чыкканыңда, алар сени жетектейт, уктап жатканыңда кайтарат, ойгонгонуңда сени менен маектешет.

23Анткени осуят – чырак, акыл-насаат – жарык, насыятты үйрөнүү – өмүргө жол.

24Алар сени бузулган аялдан, башка бирөөнүн аялынын жасакерленип сүйлөгөн сөзүнөн сактайт.

25Жүрөгүңдө анын сулуулугун каалаба, ал сени кирпиги менен өзүнө тартып кетпесин.

26Анткени бузулган аялдын айынан адам бир сындырым нанга жетпей калат, бирөөнүн аялы кымбат жанды торго түшүрөт.

27Ким көйнөгүн күйгүзбөй, отту колтугуна катып жүрө алат?

28Ким бутун күйгүзбөй, күйүп турган чоктун үстүнөн басып жүрө алат?

29Жакынынын аялына кирген адам ошондой болот, ага жакындаган адам күнөөгө батпай койбойт.

30Курсагын тойгузуш үчүн, ачкалыктын айынан ууруга кирген кишини жек көрүшпөйбү?

31Ал кармалганда, жети эселеп төлөп берет, үйүндөгү бардык мал-мүлкүн берет.

32Ал эми бирөөнүн аялы менен ойноштук кылган адамдын акылы жок, мындай кылган адам өз жанын өлтүрөт.

33Ал токмок да жейт, абийири да кетет, маскара болгону унутулбайт.

34Анткени кызганчаактык – күйөөсүнүн каары, ал өч алган күнү аябайт.

35Эч кандай кун кабыл албайт, канчалык белек берсең да канагаттанбайт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>