Накыл 7:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Уулум! Менин сөздөрүмдү сакта, осуяттарымды катып ал.

2Менин осуяттарымды сакта жана жаша, менин акыл-насааттарымды көзүңдүн карегиндей сакта.

3Аларды колуңа байлап ал, жүрөгүңдүн лоокторуна жазып ал.

4Акылмандыкка: «Сен менин карындашымсың», – де, акылга: «Сен менин бир тууганымсың», – де.

5Булар сени башка бирөөнүн аялынан, жылуу сүйлөгөн бөтөн аялдан сактайт.

6Бир күнү мен үйүмдүн терезесинен, тордон карап турдум.

7Ошондо тажрыйбасыз жаштар арасынан акылсыз жаш уланды көрүп калдым.

8Ал бузулган аял турган бурчтун жанындагы аянттан өтүп, ошол аялдын үйүнө барчу жолдо бара жатты.

9Ал убак күн батып, күүгүм кирип, караңгы боло баштаган убак эле.

10Мына ошондо анын алдынан бузулган аялдын кийимин кийген, амалкөй,

11чуулгандуу, жүгөнсүз бир аял чыкты, ал үйүндө турбайт.

12Ал бирде көчөдө, бирде аянтта, ар кайсы бурчта туруп алып, тузак тартат.

13Ал жаш уланды кармап алып өөп, уялбастан ага мындай деди:

14«Мен тынчтык курмандыгын чалдым, берген убадаларымды бүгүн аткардым.

15Ошондуктан сени тосуп чыктым, сени издеп чыгып таап алдым.

16Килемдерди, Мисирдин түркүн түстүү кездемелерин төшөп, төшөк салдым.

17Уктоочу бөлмөмдү смирна, алой жана корица менен аңкытып койдум.

18Yйгө кир, таң атканча эркелешип, сүйүүгө ыракаттанабыз.

19Анткени күйөөм үйдө жок, ал узак сапарга кеткен.

20Күмүшкө толгон капчыгын ала кеткен, үйгө ай толгон күнү келет».

21Ал жаш уланды көптөгөн жылуу сөздөр менен азгырып, жылуу жумшак сүйлөп, бийлеп алды.

22Ошол замат жаш улан союларын билбеген өгүздөй болуп, боорун жебе тешип кетерин, атыларын билбеген бугудай болуп, аялдын артынан жөнөдү.

23Ал куштай болуп, торго жулунат, тор анын өлүмү үчүн жайылганын билбейт.

24Ошентип, балдарым, мага кулак салгыла, менин сөздөрүмө көңүл бургула.

25Жүрөгүң ал аялдын жолуна бурулбасын, анын жолуна түшүп адашпагын.

26Анткени ал аял далайларды жарадар кылып кулаткан, көптөгөн күчтүү адамдар ал аялдын колунан өлүшкөн.

27Анын үйү – өлүмдүн ички бөлмөлөрүнө түшүрө турган, өлгөндөр жаткан жайга алып барчу жол.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>