Накыл 9:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Акылмандык өзүнө үй куруп, анын жети мамысын жонуп жылмалады,

2курмандык мууздап, шарап ачытып, өзүнө дасторкон даярдады.

3Өзүнүн кулдарын шаардын бийик жерлеринен жар салууга жөнөттү:

4«Ким акылсыз болсо, бул жакка кайрылсын». Кем акылга ал мындай деди:

5«Келгиле, менин нанымды жегиле, мен ачытып койгон шарапты ичкиле!

6Акылсыздыкты таштагыла, жашагыла, акылдын жолу менен жүргүлө».

7Шылдыңчыл адамды үйрөткөн жаманаттыга калат, мыйзамсыз адамды ашкерелеген өз бетине көө жабат.

8Шылдыңчыл адамды ашкерелебе, болбосо ал сени жек көрүп калат, акылдуу адамды ашкереле, ал сени жакшы көрүп калат.

9Акылдуу адамга акыл-насаат айтсаң, ал ого бетер акылдуу болот, адил адамды үйрөтсөң, ал билимин дагы арбытат.

10Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу, ыйык Кудайды таанып билүү – акыл.

11Анткени мен аркылуу өмүрүң узарат, өмүрүңө өмүр кошулат.

12Акылдуу болсоң, өзүң үчүн акылдуусуң; шылдыңчыл болсоң, азабын өзүң тартасың.

13Ойлонуп иш кылбаган, чуулгандуу, акылсыз, эч нерсе билбеген аял

14өзүнүн үйүнүн эшигинин алдындагы отургучка, шаардын бийик жерлерине отуруп алып,

15жолдон өтүп бара жаткандарды, өз жолу менен түз бара жаткандарды чакырып:

16«Ким акылсыз болсо, бул жакка кайрылсын», – дейт, анан кем акыл адамга мындай деп айтат:

17«Уурдап ичкен суу таттуу болот, катып жеген нан даамдуу болот».

18Ал адам бул аялдын үйү өлгөндөр жаткан жай экенин, анын өтүнүп чакырып алган адамдары өлгөндөр жаткан жайдын түбүндө экенин билбейт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>