1Өлгөн чымындар жыпар жыттуу майдын жытын бузат, кадыр-барктуу адамдын кичине акылсыздыгы да анын акылмандуулугу менен кадыр-баркына шек келтирет.
2Акылдуу адамдын жүрөгү оңго, акылсыздын жүрөгү солго жетелейт.
3Акылсыз кайсы жол менен бара жатса да, ага акыл жетишпейт, ал өзүнүн акылсыз экенин ар кимге эле айта берет.
4Эгер башкаруучуң сага каарданса, ордуңду таштап кетпе, анткени сабырдуулук чоң кылмыштарды да жаап коёт.
5Мен күн астынан дагы бир жамандыкты көрдүм, ал – өкүмдардан кеткен жаңылыштык:
6акылсыздарды өтө бийик орунга отургузушат, ал эми байлар төмөнкү орунда отурушат.
7Мен ат үстүндө жүргөн кулдарды, ал эми төрөлөрдүн кулдарга окшоп жөө жүргөнүн көрдүм.
8Ор казган адам казган оруна өзү түшөт. Дубалды ураткан адамды жылан чагат.
9Ташты ордунан жылдырган адам бир жерин мертинтип алышы мүмкүн. Отун жарган адам бир жерин кокустатып алышы мүмкүн.
10Эгерде балта мокоп калса, анын мизи курчутулбаса, анда күчкө салууга туура келет, бирок акылмандык муну оңдой алат.
11Эгерде жылан дарымдаганга чейин чагып алса, анда дарымдоочудан эч кандай пайда жок.
12Акылдуу адамдын оозунан чыккан сөз – ырайым, ал эми акылсыздын оозунан чыккан сөз өзүн өлтүрөт.
13Анын оозунан чыккан сөздүн башы – акылсыздык, анын оозунан чыккан сөздүн аягы – акылдан адашкандык.
14Адам алдыда эмне болорун билбегенине карабастан, акылсыз адам оозуна келгенди сүйлөй берет. Өзүнөн кийин эмне болорун ага ким айтып берет?
15Эмгек акылсызды алсыратат, анткени ал шаарга бара турган жолду да билбейт.
16Өлкө, падышаң жаш бала болсо, сага кайгы! Төрөлөрүң таң атпай тамак иче баштаса, сага кайгы!
17Өлкө, падышаң тектүү тукумдан болсо, сага жакшы! Төрөлөрүң тамакты ашыра тоюш үчүн эмес, кубаттаныш үчүн өз убагында жесе, сага жакшы!
18Жалкоолуктан шып салаңдап калат, шалдайып отура берсе, үйдүн чатырынан суу өтөт.
19Тойду ыракаттаныш үчүн өткөрүшөт, шарап жашоону шаттандырат. Бирок бардыгын күмүш чечет.
20Падышаны оюңда да жамандаба, байды уктоочу бөлмөңдө да жамандаба, анткени асман куштары сөзүңдү жеткирип барышы мүмкүн, канаттуу куштар сүйлөгөн сөзүңдү айтып барышы мүмкүн.