1Наныңды сууга агыз, аны анткени көп күн өткөндөн кийин кайрадан таап аласың.
2Жети кишиге, атүгүл, сегиз кишиге бөлүп бер, анткени жер үстүндө кандай кырсык болорун билбейсиң.
3Булуттар сууга толгондо, жерге жамгыр төгөт, эгерде дарак түштүккө же түндүккө куласа, ал кулаган жеринде калат.
4Шамалды караган адам эгин экпейт, булутту караган адам түшүм жыйнабайт.
5Сен шамалдын жолун, боюнда бар аялдын курсагында баланын сөөктөрү кантип жаралып жатканын билбегендей эле, бардыгын жасап жаткан Кудайдын иштерин да билбейсиң.
6Эртең менен үрөнүңдү сеп, кечинде да колуңду тындырба, анткени сен тигил же бул иш ийгиликтүү болорун же экөө тең жакшы болорун билбейсиң.
7Жарык – жакшы нерсе, көз үчүн күндү көрүү жакшы.
8Эгер адам көп жыл жашаса, анда ал өмүрү өткөнчө кубансын, көп боло турган кайгылуу күндөрдү эстей жүрсүн: боло тургандын бардыгы – курулай убаракерчилик!
9Жаш чагыңда кубан, жаш улан, жаш күнүңдө жүрөгүң кубанычтын даамын татып калсын, жүрөгүңдүн каалоосу, көзүңдүн жетеги менен жүр, бирок билип кой, ошонун баары үчүн Кудай сени сотко тартат.
10Жүрөгүңдөн кайгыны жок кыл, денеңди жамандыктан алыс кыл, анткени балалык да, жаштык да – курулай убаракерчилик.