Насаатчы 12:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Оор күндөр келгенге чейин, “Жашоого ыраазы эмесмин” дей турган жылдар келгенге чейин, жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба.

2Күн да, жарык да, ай да, жылдыздар да өчө электе, жамгырдан кийин кайра кара булут каптай электе, Жаратканыңды эсте.

3Ошол күнү үй кайтаргандар титирейт, кубаттуулар ийилишет, тегирменчилер аз болгондуктан, алардын иши токтойт, терезени карагандар караңгылайт.

4Көчөнү караган эшиктер бекитилет, тегирмендин ташынын үнү басылат, адамдар короз кыйкырары менен ойгонушат, ырдаган кыздардын үнү басылат.

5Аларга бийик жерлер коркунучтуу болуп көрүнөт, жолдордо үрөй учурган иштер болот, бадамдар гүлдөп бүтөт, чегирткелер оорлошуп калат, жыпар жыттуу өсүмдүктөр күбүлүп түшөт. Анткени адам өзүнүн түбөлүктүү үйүнө кеткени жатат, көчөдө кошокчу аялдар аны тегеректеп алууга даяр турушат.

6Күмүш чынжыр үзүлө электе, алтын чөйчөк сына электе, булактын жанындагы кумура сына электе, кудуктун үстүндөгү бара талкалана электе, Жаратканыңды эсте.

7Топурактан жаралган дене кайра топурак болуп калат, ал эми Кудай берген рух кайра Кудайга кетет.

8“Түйшүктүн түйшүгү, – деди Насаатчы, – бардыгы түйшүк!”»

9Насаатчы акылдуу гана болбостон, ал элге билим да берген. Ал баарын сынап көргөн, изилдеген, көп накыл сөздөрдү түзгөн.

10Насаатчы көркөм накыл сөздөрдү тапканга аракет кылган, чындык сөздөрдү туура жазган.

11Акылдуу адамдардын сөздөрү ийнедей, кагылган мыктай, аларды түзгөндөр бир Кайтаруучудан.

12Ал эми ушул сөздөрдөн тышкары айтылган сөздөрдөн сак бол, уулум: китепти көп жаза берсе, аягы болбойт; көп окуса, дене чарчайт.

13Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга өтө керек.

14Анткени Кудай ар бир ишти соттойт, ар бир жашыруун ишти, ал жакшы иш болобу же жаман иш болобу, Кудай соттойт.

>