Насаатчы 2:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Мен жүрөгүмдө: “Мен сени шаттык менен сынап көрөйүн, жакшы нерселерден ыракат ал”, – дедим. Бирок бул да курулай убаракерчилик экен!

2Мен күлкү тууралуу: “Бул – акылсыздык», – дедим, ал эми шаттык тууралуу: «Мындан эмне пайда?” – дедим.

3Жүрөгүмдө денемди шарап менен ыракаттандырайын деген ойго келдим. Бирок жүрөгүмдү акыл башкаргандыктан, адам баласы үчүн эмне жакшы экенин, ал өзүнүн кыска өмүрүндө, асман астында эмне кылыш керек экенин билүү үчүн, акылсыздыкты сынап көрөйүн дедим.

4Мен чоң иштерди жасадым: өзүмө үйлөрдү, жүзүмзарларды отургуздум,

5бакчаларды, сейил бактарды өстүрдүм, аларга мөмөлүү дарактардын түрүн отургуздум.

6Токойдо өскөн бак-дарактарды сугарып туруу үчүн, көлмөлөрдү курдум.

7Кулдарды жана күңдөрдү сатып алдым, менин үйүмдө төрөлгөн кулдар да бар болчу. Ошондой эле менин бодо жана майда малым Иерусалимде менден мурун жашагандардын баарыныкынан көп болчу.

8Падышалардан жана дубан башчылардан алтын, күмүш, кымбат баалуу таштарды чогулттум. Көп ырчы кыз-жигиттерди күттүм, адам баласынын ырахаты болгон ар түрдүү музыкалык аспаптарым бар эле.

9Ошентип, мен Иерусалимде менден мурун жашагандардын баарынан улуу жана бай адам болдум; акылмандыгым да мага жардам берди.

10Көзүмдүн бир да каалоосун четке каккан жокмун. Жүрөгүм каалаган кубанычты тыйган жокмун, анткени жүрөгүм менин бардык иштериме кубанып турду, бул менин бардык иштеримден алган үлүшүм болду.

11Анан мен өз колум менен жасаган иштердин баарын жана өзүм эмгектенген эмгегимди карап, мындай чечимге келдим: бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу, күн астында алардан пайда жок!

12Ошондо мен акылмандыкка да, акылсыздыкка да, түркөйлүккө да көз салып көрөйүнчү деп кайрылдым. Падышадан кийин келген адам эмне кыла алат? Буга чейин жасалып келген нерсени эле кыла алат.

13Ошентип, мен караңгылыктын жанында жарык кандай артыкчылыкка ээ болсо, акылсыздыктын жанында акылмандык ошондой артыкчылыкка ээ экенин көрдүм.

14Акылмандын көзү өз башында, ал эми акылсыз караңгылыкта жүрөт. Бирок баарынын башына бир эле нерсе түшөрүн билдим.

15Анан жүрөгүмдө мындай дедим: “Акылсыздын башына түшкөн нерсе, менин башыма да түшөт, андай болсо эмне үчүн мен абдан акылдуу болдум?” Ошондо: “Бул да – курулай убаракерчилик”, – дедим.

16Анткени акылдууну деле акылсыздай түбөлүккө унутушат, келечекте бардыгы унутулат. Тилекке каршы, акылдуу да акылсыз сыяктуу эле өлөт.

17Мен өмүрдү жек көрүп калдым, анткени күн астында жасалып жаткан иштердин бардыгы мага жакпай калды. Анткени бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

18Ошентип, мен күн астында жасаган эмгегимдин бардыгын жек көрүп калдым, анткени мен аны өзүмдөн кийинки адамга калтырышым керек.

19Анын акылдуу болорун же акылсыз болорун ким билет? Бирок ал менин күн астында акылмандуулук кылып эмгектенген иштеримдин баарына ээлик кылат. Бул да курулай убаракерчилик экен!

20Ошондо мен жүрөгүмдү күн астында кылган бардык эмгектеримден көңүл калууга бурдум,

21анткени кайсы бир адам акылын, билимин колдонуп, ийгиликтүү эмгектенип, анан бардыгын эмгектенбеген адамга ошонун үлүшү болгонсуп калтырууга тийиш. Бул да курулай убаракерчилик жана чоң жамандык экен!

22Ошондуктан адам күн астында эмгектенген бардык эмгегинен, жүрөгүнүн түйшүктөрүнөн эмне табат?

23Анткени анын бүт өмүрү – кайгы, бардык эмгеги – тынчсыздануу. Атүгүл, түн ичинде анын жүрөгү тынч албайт. Бул да курулай убаракерчилик экен!

24Ичип-жеп жыргоо, өз эмгегинен ыракат алуу да адамдын бийлигинде эмес. Мен бул нерсе да Кудайдын колунда экенин көрдүм.

25Анткени Ансыз ким ичип-жеп, ыракаттана алат?

26Анткени Теңир Өзүнө жаккан адамга акыл да, билим да, кубаныч да берет, ал эми күнөөкөр адамга жыюу, чогултуу түйшүгүн берет. Анан анын жыйгандарын Кудай Өзүнө жаккан адамга берет. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!