Насаатчы 3:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Бардык нерсенин өз убагы бар, асман астындагы ар бир нерсенин өз убагы бар.

2Төрөлө турган убак бар, өлө турган убак бар. Отургуза турган убак бар, жула турган убак бар.

3Өлтүрө турган убак бар, дарылай турган убак бар. Буза турган убак бар, кура турган убак бар.

4Ыйлай турган убак бар, күлө турган убак бар. Кайгыра турган убак бар, бийлей турган убак бар.

5Таштарды чача турган убак бар, таштарды жыйнай турган убак бар. Кучакташа турган убак бар, кучакташпай турган убак бар.

6Издей турган убак бар, жогото турган убак бар. Сактай турган убак бар, таштай турган убак бар.

7Жырта турган убак бар, жамай турган убак бар. Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар.

8Сүйө турган убак бар, жек көрө турган убак бар. Согуша турган убак бар, тынч жашай турган убак бар.

9Жумушчуга өзүнүн иштеген ишинен эмне пайда?

10Кудай адам баласына машыксын деп берген мына ушул түйшүктү көрдүм.

11Адам Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин түшүнө албаса да, Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады, алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды.

12Адамга өз өмүрүндө кубануудан жана жакшылык кылуудан артык эч нерсе жок экенин түшүндүм.

13Эгерде адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул – Кудайдын белеги.

14Кудай жасагандын бардыгы түбөлүктүү экенин түшүндүм, ага эч нерсе кошууга да, андан эч нерсени алууга да болбойт. Кудай Өзүнөн коркуп турушу үчүн ушундай кылып жараткан.

15Мурун болгон нерсе азыр да бар, боло турган нерсе мурун да болгон. Кудай өткөндү кайра чакырат.

16Дагы мен күн астынан адилеттик боло турган жерде мыйзамсыздык болуп жатканын көрдүм, чындык боло турган жерде алдамчылык болуп жатканын көрдүм.

17Ошондо мен жүрөгүмдө мындай деп айттым: “Адил адамды да, мыйзамсыз адамды да Кудай соттойт, анткени ар бир нерсенин өз убагы бар, ал жерде ар бир иштин үстүнөн сот болот”.

18Мен жүрөгүмдө адам баласы тууралуу мындай дедим: “Аларды Кудай сынасын, алар өздөрүнүн жаныбар сыяктуу эле экенин көрүшсүн”.

19Анткени адам баласынын үлүшү менен жаныбарлардын үлүшү бир. Адамдар өлгөндөй эле, булар да өлүшөт, бардыгы бирдей дем алат, адамдын жаныбардан эч кандай артыкчылыгы жок, анткени бардыгы – курулай убаракерчилик!

20Бардыгы бир жерге барат, бардыгы топурактан жаралган, бардыгы кайра топуракка айланат.

21Адам баласынын жаны жогору көтөрүлөбү, жаныбарлардын жаны төмөн жакка түшөбү, муну ким билет?

22Ошентип, мен адам үчүн өз иштери менен ыракаттангандан артык эч нерсе жок экенин көрдүм, анткени бул – анын үлүшү. Өзүнөн кийин эмне болорун көргөнгө аны ким алып келет?