1Анан мен күн астында болуп жаткан ар кандай эзүүнү көрдүм: мына, эзилгендердин көз жашы агып жатат, бирок алардын сооротуучусу жок. Аларды эзип жаткандардын колунда – күч, ал эми алардын сооротуучусу жок.
2Ошондо мен ушул күнгө чейин жашап жаткан тирүүлөргө караганда небак өлгөндөр бактылуу деп эсептедим.
3Ал эми бул экөөнө караганда төрөлбөгөндөр – күн астында болуп жаткан кыянат иштерди көрбөгөндөр бактылуу.
4Мен ар бир эмгек, ар бир иштин ийгилиги адамдар арасында өз ара көрө албастыкты туудуруп жатканын көрдүм. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!
5Акылсыз адам колун куушуруп отура берип, өз денесин жейт.
6Мээнет жана рухтун кыйналуусу менен табылган кош уучка караганда тынчтык менен табылган бир ууч артык.
7Анан мен күн астындагы дагы бир курулай убаракерчиликти көрдүм:
8жалгыз адам, анын эч кимиси жок, баласы да, бир тууганы да жок, бирок иши бүтпөйт, көзү да байлыкка тойбойт. “Деги мен ким үчүн эмгектенип, жанымды жыргалдан ажыратып жатам?” Бул да курулай убаракерчилик жана жакшы иш эмес экен!
9Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат.
10Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылса тургузары жок жалгыз адамга кайгы.
11Эгерде экөө чогуу жатса, аларга жылуу болот. Ал эми жалгыз адам кантип жылыйт?
12Эгерде кимдир бирөө жалгыз адамды жеңе ала турган болсо, анда экөө ага каршы тура алат. Үч катталган жип да оңой менен үзүлбөйт.
13Кары, бирок кеңешти кабыл алганды билбеген акылсыз падышага караганда жарды, бирок акылдуу жаш улан артык.
14Ал өз өлкөсүндө жарды болуп төрөлсө да, зындандан падышачылык кылганы чыгат.
15Мен күн астында жүргөн адамдардын баары анын ордун ээлей турган башка улан менен бирге жүргөнүн көрдүм.
16Анын алдында турган элге сан жетпейт, бирок кийинкилер ага кубанышпайт. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!
17Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка, баарынан да, укканга даяр бол. Анткени бул акылсыздардын курмандык чалганына караганда жакшы, анткени алар жаман иш кылып жатканын түшүнүшпөйт.