Насаатчы 5:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Сүйлөгөнгө шашылба, жүрөгүң да Кудайдын алдында сүйлөгөнгө ашыкпасын, анткени Кудай асманда, сен болсо жердесиң, ошондуктан аз сүйлө.

2Түштөр түйшүктүн көптүгүнөн кирет; акылсыздын үнү көп сүйлөгөнүнөн билинет.

3Кудайга убада берсең, аны кечиктирбей аткар, анткени Ал акылсыздарга ырайым кылбайт, берген убадаңды аткар.

4Убада берип аткарбай койгондон көрө, убада бербегениң жакшы.

5Тилиңдин денеңди күнөөгө батыруусуна жол бербе. Кудайдын периштесинин алдында: “Бул – жаңылыштык”, – дебе. Болбосо Кудай сенин сөзүңө каарданып, колуң менен кылган иштериңди кыйратып салат.

6Анткени көп түш көргөндөн курулай убаракерчилик жана сөз көп болот, бирок сен Кудайдан корк.

7Эгерде сен кайсы бир дубанда кедейлер кысымга алынып, адилеттик менен чындык бурмаланып жатканын көрсөң, буга таң калба, анткени жогоркунун үстүнөн андан жогорку карап турат, анын үстүнөн эң жогорку көз салып турат.

8Өлкөнүн артыкчылыгы болсо өлкөсү үчүн кам көргөн падыша болуп эсептелет.

9Күмүштү сүйгөн адам күмүшкө тойбойт. Байлыкты сүйгөн адам андан пайда таппайт. Бул да – курулай убаракерчилик!

10Мал-мүлк көбөйгөн сайын, аны пайдалангандар да көбөйөт. Ага ээлик кылгандар аны карап туруудан бөлөк кайсы бакытты табышат?

11Көп жейби, аз жейби, эмгекчинин уйкусу таттуу. Ал эми байдын ашыра тоюп алганы өзүнө уйку бербейт.

12Мен күн астында кайгылуу нерсе бар экенин көрдүм: байлык, сактап жүргөн ээсине зыян келтирет.

13Ал байлык күтүлбөгөн кырсыктардан жок болот: андан уул төрөлдү, бирок анын колунда эч нерсе жок.

14Ал энесинин курсагынан кандай жылаңач чыкса, ошондой жылаңач кетет, өз эмгегинен колуна эч нерсе көтөрүп кете албайт.

15Бул да кайгылуу нерсе: ал кандай келсе, ошондой кетет. Текке кеткен эмгегинен ал эмне пайда тапты?

16Ал болсо өмүрү өткөнчө караңгыда, туталанып, капаланып, ачууланып тамак жеген.

17Мен жакшы жана жагымдуу нерсени да таптым, бул – адамдын өзүнүн Кудай берген бүт өмүрүндө күн астында кылган бардык эмгегинен ыракат алуусу, жеп-ичүүсү, анткени бул – анын үлүшү.

18Эгерде кайсы бир адамга Кудай байлык жана мал-мүлк берсе жана ага аларды пайдаланууга бийлик берсе, өз үлүшүн алса, эмгегинин үзүрүн көрсө, анда бул – Кудайдын белеги.

19Ал өз жашоосунун кыскалыгы жөнүндө көп ойлонбойт, анткени Кудай анын жүрөгүн кубанычка толтурган.