1Мен күн астынан дагы бир жамандыкты көрдүм, бул нерсе адамдар арасында көп кездешет.
2Кудай адамга байлыкты да, мал-мүлктү да, атак-даңкты да берет, анын жаны эч нерседен кем эмес, анын каалаганынын баары бар, бирок Кудай ага аларды пайдаланууга жол бербейт, аларды башка киши пайдаланат. Бул – курулай убаракерчилик жана оор дарт!
3Эгерде кайсы бир адам жүз балалуу болуп, көп жыл жашаса, анын өмүрү дагы узарса, бирок анын жаны жакшылык көрүп ыракаттанбаса, атүгүл, аны көмүшпөсө, анда мен: “Ага караганда бойдон түшкөн бала бактылуу, – дээр элем.
4Анткени ал бекер эле келип, караңгылыкка кетти. Анын ысымын караңгылык жашырып коёт.
5Ал күндү көргөн да, билген да эмес. Тигиге караганда буга тынчыраак.
6Ал эми тиги эки миң жыл жашап, жакшылык көрүп ыракаттанбаса да, баары эле бир жерге барат эмеспи!”
7Адамдын бүткүл эмгеги – кекиртеги үчүн, бирок анын жаны тойбойт.
8Акылдуу акылсыздын алдында кандай артыкчылыкка ээ? Адамдар менен мамилелешкенди билген жардынын кандай артыкчылыгы бар?
9Жаны менен адашканча, көзү менен көргөн артык. Бул да ошондой эле курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!
10Азыр бар нерсеге мурун эле ат коюлган, ал адам экени да белгилүү, анын өзүнөн Күчтүү менен талашып-тартыша албасы да белгилүү.
11Түйшүктү арбыткан ушундай нерселер көп. Деги адам үчүн эмне жакшы болду экен?
12Жашоодо адам үчүн эмне жакшы экенин ким билет? Анын түйшүктүү өмүрү көлөкө сыяктуу өтүп кетет. Адамдын көзү өтүп кеткенден кийин, күн астында эмне болорун ага ким айтып берет?