1Жакшы ат кымбат баалуу, жыпар жыттуу майдан артык, өлгөн күн туулган күндөн артык.
2Той болуп жаткан үйгө баргыча, өлгөн кишини жоктоп ыйлап жаткан үйгө барган жакшы, анткени ар бир адам өлөт, тирүү адам муну жүрөгүнө салып койсун.
3Күлкүгө караганда кайгы жакшы, анткени адам кайгырганда, жүрөгү жакшы болуп калат.
4Акылдуу адамдардын жүрөгү – ыйлагандардын үйүндө, ал эми акылсыз адамдардын жүрөгү – көңүл ачкандардын үйүндө.
5Акылсыздардын ырларын уккандан көрө, акылмандын ашкерелегенин уккан жакшы.
6Анткени акылсыздардын күлкүсү – казандын астындагы тикенектин чартылдаганындай. Бул да – курулай убаракерчилик!
7Акылдуу адам башка бирөөлөрдү кысымга алып акылсыз болот. Белек жүрөктү бузат.
8Иштин аягы иштин башталышынан жакшы, чыдамкай адам менменсинген адамдан артык.
9Ачууланганга шашпа, анткени ачуу акылсыздардын жүрөгүндө уялайт.
10“Эмне үчүн азыркы күндөргө караганда өткөн күндөр жакшы эле?” дебе, анткени сен муну акылдуу болгонуңдан сурап жаткан жоксуң.
11Акылмандуулук мурас сыяктуу эле жакшы, айрыкча күндү көрүп тургандарга жакшы.
12Анткени анын далдаасында болуу – күмүштүн далдаасында болууга барабар. Бирок билимдин артыкчылыгы бул: акылмандык акылмандыкка ээ болгон адамга өмүр берет.
13Кудайдын кылган ишине көз чаптыр: Ал кыйшык кылып койгон нерсени ким түздөй алат?
14Бакыбат күндөрү кубан, ал эми бактысыздык болуп турган күндөрү ойлон. Адам баласы өзүнүн келечеги жөнүндө билбесин деп, аны да, муну да Ал Өзү кылган.
15Мен өзүмдүн түйшүктүү өмүрүмдө баарын: адил адамдын адил жашап жүрүп өлгөнүн, мыйзамсыз адам мыйзамсыздык кылып көп жашаганын көрдүм.
16Өзүңдү өтө адил адам кылып көрсөтпө, акылдуусунба, өзүңдү өзүң ойрон кылып эмне кыласың?
17Күнөөгө берилбе, акылсыз болбо, мезгилсиз өлгөндүн сага эмне кереги бар?
18Эгерде сен бирин сактап, экинчисинен да колуңду албасаң, анда жакшы, анткени Кудайдан корккон адам экөөнөн тең качып кутулат.
19Акылмандык акылдуу адамды шаардагы он өкүмдардан күчтүү кылат.
20Жер үстүндө жакшылык кылып, күнөө кылбаган бир да адил адам жок.
21Кулуңдун сени жамандап жатканын угуп калбашың үчүн, айтылган ар кандай сөзгө көңүл бура бербе.
22Анткени сенин жүрөгүң өзүңдүн да бирөөлөрдү жамандаган учурларыңды жакшы билет.
23Мен мунун баарын акылмандык менен сынап көрдүм, мен: “Акылдуу адам болом”, – дедим, бирок акылмандык менден алыс.
24Болуп өткөн нерсе алыс жана терең: аны ким таанып биле алат?
25Мен акылды жана акылмандыкты билгенге, изилдегенге, издеп тапканга жана акылсыздын мыйзамсыздыгын жана наадандыкты, акылсыздыкты таанып билгенге көңүл койдум.
26Ошондой эле мен аялдын өлүмдөн да ачуу экенин түшүндүм, анткени аял өзү – тор, жүрөгү – тузак, колу – кишен. Кудайдын алдында адил адам андан куткарылат, ал эми күнөөкөр анын торуна түшөт.
27Биринин артынан бирин сынап жатып, мен мына ушуну түшүндүм, – деди Насаатчы.
28Менин жаным издеп, бирок таба албаган дагы эмне бар? Миңдин арасынан бир гана эркек таптым, алардын арасынан бир да аял таппадым.
29Мен муну гана түшүндүм: Кудай адамды адил кылып жараткан, бирок адамдар ар кандай ойлоп чыгарылган нерселерге берилип кетишкен.