Насаатчы 8:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Ар кандай нерсенин маанисин акылман түшүнгөндөй ким түшүнө алат? Адамдын акылдуулугу өзүнүн жүзүн жарык кылат, анын катаал жүзү өзгөрөт.

2Мен мындай кеңеш берем: “Падышанын сөзүн Кудайдын алдындагы антты аткаргандай аткар.

3Анын алдынан кеткенге шашпа, жаман ишиңден кайтпай туруп алба, анткени ал каалаганынын баарын кылып коё алат”.

4Падышанын сөзү бар жерде бийлик бар. Ага: “Эмне кылып жатасың?” – деп, ким айта алат?

5Осуятты сактаган адам эч жамандык көрбөйт: акылдуу адамдын жүрөгү убакытты да, мыйзамды да билет.

6Анткени ар бир нерсенин өз убактысы, өз мыйзамы бар. Бирок адамдын көп жамандык көргөнү –

7келечекте эмне болорун билбегенинде. Келечеги кандай болорун ага ким айтып берет?

8Адамдын шамалды кармап калыш үчүн, шамалдын үстүнөн бийлиги жок, анын өлүм келген күндүн үстүнөн бийлиги жок, согуш учурунда бошонуу жок, мыйзамсызды мыйзамсыздык куткара албайт.

9Мен булардын баарын көрдүм, күн астында болуп жаткан ар кандай иштерге көңүл койдум. Адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирген учур да болот.

10Мен ошондо ыйык жерге келип-кетип жүргөн мыйзамсыздарды көмүп жатышканын көрдүм. Алар шаарда ушундай иштерди кылышчу, бирок ошол шаардын тургундары аларды унутуп коюшканын көрдүм. Бул да курулай убаракерчилик экен!

11Кыянат иштерди кылган адамдар дароо эле жазаланышпайт. Ушундан улам адам баласынын жүрөгү кыянаттык кылуудан коркпойт.

12Күнөөкөр адам жүз ирет кыянаттык кылса жана анысын уланта берсе да, мен Кудайдан корккондорго, Аны урматтагандарга жакшы болорун билем.

13Ал эми мыйзамсыз адам жакшылык көрбөйт, ким Кудайды урматтабаса, ал көлөкө сыяктуу көпкө турбайт.

14Жер үстүндө дагы мындай түйшүк бар: мыйзамсыздар өз иштерине жараша көрө турганды адил адамдар көрөт, ал эми адил адамдар өз иштерине жараша көрө турганды мыйзамсыздар көрөт. Ошондо мен: “Бул да – курулай убаракерчилик!” – дедим.

15Ошондо мен кубанычты мактадым, анткени адам үчүн күн астында жеп-ичип көңүл ачкандан артык эч нерсе жок. Кудай күн астында берген өмүрү өткөнчө, адамдын бүт эмгегин бул кубаныч коштоп жүрөт.

16Мен акылмандуулукка жетүүгө жана жер үстүндө болуп жаткан иштерди, адам баласынын күндүз да, түн ичинде да уйку көрбөй иштеген иштерин көрүүгө көңүл койдум.

17Ошондо мен Кудайдын бардык иштерин көрүп, күн астында болуп жаткан нерселерди адам баласы түшүнө албастыгын билдим. Адам аны изилдөөгө канчалык аракеттенбесин, баары бир түшүнө албайт. Эгерде бир даанышман мен билем десе да, ал аны түшүнө албайт.