1Мен ушулардын баарын изилдегенге көңүл коюп, адил адамдар да, акылдуу адамдар да, алардын иштери да Кудайдын колунда экенин, адам өзүнүн алдында сүйүүбү же жек көрүүбү, кайсынысы күтүп турганын билбегенин билдим.
2Баарына: адил адамга да, мыйзамсыз адамга да, ак ниетке да, кара ниетке да, тазага да, таза эмеске да, курмандык чалганга да, курмандык чалбаганга да, жакшылык кылганга да, күнөөкөргө да, ант бергенге да, анттан коркконго да бир үлүш.
3Күн астында болуп жаткан нерселердин ичинен эң жаманы – бардыгынын үлүшү бир экендиги. Адам баласынын жүрөгү жамандыкка толгон, алардын жүрөгүндө да, жашоосунда да акылсыздык. Анан алар өлгөндөргө кошулушат.
4Тирүүлөрдүн арасында жашаган адамдын дагы үмүтү бар, анткени өлгөн арстанга караганда тирүү дөбөткө жакшы.
5Тирүүлөр өлө турганын билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт, алар эми иштерине жараша тиешесин ала алышпайт, анткени алар унутулушат.
6Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганчаактыгы да жок болду, мындан ары, түбөлүккө аларга күн астында жасалып жаткан нерселердин эч биринен үлүш жок.
7Ошондуктан Кудай сенин иштериңе ийгилик берип турганда, бар, наныңды кубаныч менен же, жүрөгүңдөгү кубаныч менен шарабыңды ич.
8Ар убакта кийимиң ак болсун, башыңа сыйпалчу зайтун майы түгөнбөсүн.
9Түйшүктүү өмүрүң өткөнчө, сүйгөн аялың менен жашоонун ыракатын көр, Кудай сага күн астындагы түйшүктүү өмүр үчүн берген жашоонун ыракатын көр, анткени бул – жашоодогу энчиң, күн астында кылган эмгегиңдин үзүрү.
10Колуңдан келген иштерди алыңдын жетишинче жаса, анткени сен бара турган мүрзөдө жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандуулук да жок.
11Анан мен күн астынан муну көрдүм: жарышта жеңип чыгуу күлүктөргө эле, жеңишке жетүү эр жүрөктөргө эле, нан акылмандарга эле, байлык акылдууларга эле, ылым табуу билимдүүлөргө эле тиешелүү эмес экен, бардыгынын өз убагы, өз учуру бар экен.
12Анткени адам өзүнүн мезгилин билбейт. Балыктар өлүм торуна түшөт, канаттуулар кылтакка чалынат, ошол сыяктуу эле адам баласы да күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылат.
13Мен күн астынан дагы мындай акылмандыкты көрдүм, ал мага маанилүү болуп көрүндү:
14Бир чакан шаар, анда жашаган адамдар да анча көп эмес. Ал шаарга улуу падыша кол салып, аны курчап алып, камоо үчүн чеп курду.
15Бирок ал шаардан бир акылдуу жакыр адам чыгып, өзүнүн акылы менен ошол шаарды куткарып алды. Ошентсе да ал жакыр адамды эч ким эскерген жок.
16Ошондо мен мындай деп айттым: “Күчкө караганда акылмандык жакшы, ошондой болсо да жакыр адамдын акылмандыгын баркташпайт, анын сөзүн да угушпайт”.
17Акылсыздар арасындагы өкүмдардын кыйкырыгына караганда, акылдуу адамдын сабырдуулук менен айтылган сөздөрүн жакшы угушат.
18Жоокердин курал-жарагына караганда акылмандык артык. Бирок күнөөгө баткан бир адам көп жакшы нерсени ойрон кылат.