Некемия 1:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Ахалиянын уулу Некемиянын сөзү. Артакшаштанын падышачылыгынын жыйырманчы жылында, Кислеп айында мен борбор шаар Шушанда элем.

2Менин бир туугандарымдын бири Ханани бир топ киши менен Жүйүт аймагынан келди. Мен алардан туткундан аман калган жүйүт эли тууралуу, Иерусалим тууралуу сурадым.

3Алар мага: «Туткундан аман калгандар ошол жерде, өз жеринде жашап жатышат. Алардын башына өтө оор күн түшүп, кордук көрүп жатышат. Иерусалимдин дубалдары уратылган, дарбазалары өрттөлгөн», – дешти.

4Бул сөздөрдү укканда, отуруп алып ыйладым, бир нече күн кайгыга батып жүрдүм. Анан асмандагы Кудайдын алдында орозо кармап, сыйынып,

5мындай дедим: «Оо Теңир, асмандагы Кудай, Өзүнүн келишимин бек сактаган, Өзүн сүйгөндөргө жана осуяттарын аткаргандарга ырайым кылган улуу жана коркунучтуу Кудай!

6Өзүңдүн кулуңдун сыйынуусун уга көр, көз кырыңды сала көр. Мен азыр Сенин алдыңда күнү-түнү Сенин кулдарың – Ысрайыл уулдары үчүн, Сенин алдыңда биздин, Ысрайыл уулдарынын кылган күнөөлөрү үчүн, өзүмдүн да, атамдын тукумунун да күнөөлөрү үчүн сыйынып жатам.

7Биз Өз кулуң Мусага берген осуяттарыңды, мыйзамдарыңды, буйруктарыңды аткарбай, Сенин алдыңда кылмышкер болдук.

8Бирок Өз кулуң Мусага: “Эгерде силер ишенимсиз болсоңор, анда Мен силерди эл арасына чачыратып жиберем.

9Эгерде Мага кайрылсаңар, Менин осуяттарымды сактап, аларды аткара турган болсоңор, анда жердин түбүнө чейин куулсаңар да, силерди ошол жактан чогултуп, Өзүмдүн ысымымды орнотуш үчүн, Өзүм тандап алган жерге алып келем”, – деп осуяттаган сөзүңдү эсте.

10Алар Өзүңдүн улуу күч-кубатың, кудуреттүү колдоруң менен куткарган Өз элиң, Өз кулдарың эмеспи.

11Оо Теңир, жалынам Сага! Өз кулуңдун сыйынуусуна жана Сенин атыңдын алдында коркуп турууну сүйгөн Өз кулдарыңдын сыйынуусуна кулак сала көр, Теңир! Эми Өз кулуңду колдой көр, аны мына бул адамдын ырайымына ээ кыла көр». Мен ошол убакта падышанын шарап сунуучусу элем.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>