Некемия 10:1-39 KYB2004 - Bible AI

1Мөөр баскандар булар болду: Хахалия уулу Некемия-Тиршата жана Ситкия,

2Серая, Азария, Жеремия,

3Пашкур, Амария, Малкия,

4Хатуш, Шебания, Малух,

5Харим, Меремот, Обадия,

6Даниел, Гиптон, Барух,

7Мешулам, Абия, Миямин,

8Мазия, Билгай, Шемая. Булар – ыйык кызмат кылуучулар.

9Лебилер: Азания уулу Жешуя, Хейнадат уулдарынан Бинуй, Кадмиел.

10Алардын бир туугандары: Шебания, Одия, Келита, Пелая, Ханан,

11Миха, Рехоп, Хашабия,

12Закур, Шейребия, Шебания,

13Одия, Бани, Бенуну,

14Эл башчылар: Парош, Пахат-Маап, Эйлам, Зату, Бани,

15Буни, Азгат, Бейбай,

16Адония, Бикбай, Адин,

17Атейир, Хиския, Азур,

18Одия, Хашум, Бейтсай,

19Харип, Анатот, Нейбай,

20Махпийаш, Мешулам, Хейзир,

21Мешейзабел, Садок, Жадуя,

22Пелатия, Ханан, Аная,

23Ошуя, Ханания, Хашуп,

24Алокейиш, Пилха, Шобек,

25Рехум, Хашабна, Маасея,

26Акия, Ханан, Анан,

27Малух, Харим, Баана.

28Калган элдер, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, дарбазачылар, ырчылар, нетиндер, бөтөн жерлик элдерден бөлүнүп, Кудайдын мыйзамына киргендер, алардын аялдары, уулдары, кыздары – мыйзамды түшүнө алгандардын баары

29бир туугандарына, алардын атактууларына кошулуп, Кудайдын Өзүнүн кулу Муса аркылуу берген мыйзамы боюнча жүрүүгө жана өз Кудай-Теңирибиздин осуяттарын сактап, буйруктарын, мыйзамдарын аткарууга,

30кыздарын бөтөн жерлик элдерге бербөөгө, уулдарына алардын кыздарын алып бербөөгө,

31бөтөн жерликтер өздөрүнүн сата турган мал-мүлкүн ишембиде алып келгенде, ишембиде, ыйык күндө, алардан эч нерсе албоого жана жетинчи жылы ар кандай карыздарын кечип коюуга ант беришип, антты бузсак, бизге каргыш тийсин дешти.

32Кудайыбыздын үйүнүн керектөөлөрүнө жылына шекелдин үчтөн бир бөлүгүн берип турууну да өзүбүзгө мыйзам кылып койдук:

33алар нан тартууларына, күн сайын коюлуучу нан курмандыктарына, күн сайын чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарга, ишемби күнү, ай жаңырган сайын өткөрүлүүчү майрамда, ар кандай майрамдарда чалынуучу курмандыктарга, ыйык буюмдарга, Ысрайылдын күнөөсү үчүн чалынуучу курмандыктарга – Кудайыбыздын үйүндө өткөрүлүүчү бардык нерселерге арналсын.

34Биз, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, эл, мыйзамда жазылгандай, Кудай-Теңирибиздин курмандык чалынуучу жайында дайыма от күйүп туруш үчүн, жыл сайын белгиленген убакта жеткирилип туруучу отунду кайсы уруу кайсы убакта Кудайыбыздын үйүнө жеткирип турарын билиш үчүн, өкчөмө таш ыргыттык.

35Жыл сайын Теңирдин үйүнө жерибиздин алгачкы түшүмү менен жемиш бактарыбыздын алгачкы мөмөлөрүнөн жеткирип турууга да милдеттенме алдык.

36Ошондой эле, мыйзамда жазылгандай, Кудайыбыздын үйүнө, ыйык кызмат кылуучуларга, Кудайдын үйүндө кызмат кылгандарга, тун уулдарыбызды, ири жана майда малыбыздын биринчи төлүн жеткирип берүүгө милдеттенме алдык.

37Бастырылган даныбыздын алгачкы түшүмүн, ар кандай тартууларыбызды, жемиш бактарыбыздын мөмөлөрүн, зайтун майларыбызды, шараптарыбызды ыйык кызмат кылуучуларга, Кудайыбыздын үйүндөгү кампаларга жеткирип беребиз, лебилерге болсо жерибизден алынган түшүмдүн ондон бир бөлүгүн жеткирип турабыз. Бардык шаарлардан, дыйканчылык кылган бардык жерлерден лебилер түшүмдүн ондон бир бөлүгүн алып турушат.

38Лебилер ондон бир бөлүктү алып жатканда, Арундун тукумунан чыккан ыйык кызмат кылуучу алардын жанында турат, лебилер алган ондуктарынын ондон бир бөлүгүн Кудайдын үйүндөгү кампалар үчүн бөлүнгөн бөлмөлөргө жеткиришет.

39Анткени ал бөлмөлөргө Ысрайыл уулдарындай эле, лебилер да тартууга келген дан, шарап, зайтун майларын жеткирип турууга тийиш. Ал жерде ыйык идиштер, кызмат кылган ыйык кызмат кылуучулар, дарбазачылар, ырчылар турат. Ошентип, биз Кудайыбыздын үйүн таштабайбыз.