1Эл башчылар Иерусалимде жашап калышты, ал эми калган элдин ондон бир бөлүгү Иерусалимде жашаш үчүн, калган тогуз бөлүгү башка шаарларда жашаш үчүн, өкчөмө таш ыргытышты.
2Эл өз ыктыяры менен Иерусалимде жашоого макул болгондордун баарына батасын берди.
3Иерусалимде жашаган өлкө башчылары булар – Жүйүт аймагынын шаарларында ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, нетиндер, Сулаймандын кулдарынын уулдары ар бири өздөрүнө таандык шаарларда жашашты.
4Иерусалимде Жүйүттүн уулдары менен Бенжемин уулдары жашап калышты. Жүйүттүн уулдарынан: Атая. Атая – Узиянын уулу, Узия – Захариянын уулу, Захария – Амариянын уулу, Амария – Шепатиянын уулу, Шепатия – Маалалелдин уулу, Маалалел Перес тукумунан.
5Ошондой эле Маасея. Маасея – Барухтун уулу, Барух – Кол-Хозенин уулу, Кол-Хозе – Хазаянын уулу, Хазая – Адаянын уулу, Адая – Жойарыптын уулу, Жойарып – Захариянын уулу, Захария – Шейланын уулу.
6Иерусалимде жашаган Перестин бардык уулдары төрт жүз алтымыш сегиз эле. Алар жоокер адамдар болчу.
7Бенжемин уулдары: Ышайа уулу, Итиел уулу, Маасея уулу, Колая уулу, Педая уулу, Жойет уулу, Мешулам уулу Салу.
8Алардын соңунан Габай, Салай, бардыгы болуп тогуз жүз жыйырма сегиз адам.
9Зихри уулу Жоел аларга башчы болду, ал эми Асенуа уулу Жүйүт шаардын экинчи башчысы болду.
10Ыйык кызмат кылуучулардан: Жойарип уулу Жедая, Жахин жана
11Кудай үйүндө башчы болгон Серая. Ал – Хилкиянын уулу, Хилкия – Мешуламдын уулу, Мешулам – Садоктун уулу, Садок – Мерайоттун уулу, Мерайот – Акитуптун уулу.
12Кудайдын үйүндө кызмат кылган алардын бир туугандары сегиз жүз жыйырма эки болду. Ошондой эле Адая. Ал – Жерохамдын уулу, Жерохам – Пелалиянын уулу, Пелалия – Амисийдин уулу, Амисий – Захариянын уулу, Захария – Пашхурдун уулу, Пашхур – Малкиянын уулу.
13Уруу башчылары болгон анын бир туугандары эки жүз кырк эки адам болду. Ошондой эле Амашсай. Амашсай – Азариелдин уулу, Азариел – Аказайдын уулу, Аказай – Мешилеймоттун уулу, Мешилеймот – Имердин уулу.
14Алардын бир туугандары жүз жыйырма сегиз эр жүрөк аскерлер эле. Аларга Хагедолим уулу Забдиел башчы болду.
15Ал эми лебилерден: Шемая. Шемая – Хашуптун уулу, Хашуп – Азрикамдын уулу, Азрикам – Хашабиянын уулу, Хашабия – Бунинин уулу.
16Кудай үйүндөгү тышкы иштер боюнча леби башчылардан Шаптай менен Жозабат,
17Кудайга сыйынардагы даңктоо ырлардын башкы баштоочусу – Матания. Ал – Миханын уулу, Миха – Забдийдин уулу, Забдий – Асаптын уулу жана анын бир туугандарынын арасында экинчи болгон Бакбукея, ошондой эле Абда. Абда – Шамуянын уулу, Шамуя – Галалдын уулу, Галал – Жедутундун уулу.
18Ыйык шаардагы бардык лебилер эки жүз сексен төрт адам болду.
19Ал эми дарбазачылар: Акуп, Талмон жана дарбаза сакчылыгында турган алардын бир туугандары – жүз жетимиш эки адам.
20Калган ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жүйүттөрдүн бардык шаарларында, ар ким өз энчисине тийген жерде жашап турушту.
21Ал эми нетиндер Опелде жашашкан. Нетиндердин үстүндө Зиха менен Гишпа турду.
22Асаптын Кудай үйүндө кызмат кылган ырчы уулдарынын бири Узи Иерусалимде лебилердин башчысы эле. Узи – Банинин уулу, Бани – Хашабиянын уулу, Хашабия – Матаниянын уулу, Матания – Миханын уулу.
23Алар тууралуу падышадан өзгөчө буйрук болуп, ырчылар үчүн күн сайын белгилүү кызмат акы бөлүнгөн.
24Жүйүт уруусунан, Зерак уулдарынан чыккан Мешейзабел уулу Петахия элге тиешелүү ар кандай иштер боюнча падышанын ишенимдүү кишиси болгон.
25Ал эми айыл-кыштактарда, өз жерлеринде жашаган Жүйүт уулдары Кирийат-Арбада жана ага караштуу айыл-кыштактарда, Дибондо жана ага караштуу айыл-кыштактарда, Жекапсейелде жана ага караштуу айыл-кыштактарда,
26Жейшуяда, Моладада, Бейт-Палетте,
27Хатсар-Шуалда, Бейер-Шебада жана ага караштуу айыл-кыштактарда,
28Сыклакта, Мехондо жана ага караштуу айыл-кыштактарда,
29Эйин-Римондо, Сорада, Жармутта,
30Заноахта, Адуламда жана аларга караштуу айыл-кыштактарда, Лакиште жана анын талааларында, Азейкада жана ага караштуу шаарларда жашап турушту. Алар Бейер-Шебадан Ином өрөөнүнө чейин жайгашышкан.
31Бенжемин уулдары Гебадан тартып, Мукмаста, Айда, Бейтелде жана ага караштуу шаарларда,
32Анатотто, Нопто, Хананиде,
33Хатсордо, Рамада, Гитайимде,
34Хадитте, Себоимде, Небалатта,
35Лоддо, Онодо, Гей-Ахарашим өрөөнүндө жашап турушту.
36Лебилердин Жүйүт менен Бенжемин жерлеринде да турак-жайлары болгон.