Некемия 12:1-47 KYB2004 - Bible AI

1Шалтиел уулу Зоробабыл жана Жешуя менен келген ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер булар: Серая, Жеремия, Эзра,

2Амария, Малух, Хатуш,

3Шехания, Рехум, Меремот,

4Идо, Гинтой, Абия,

5Миямин, Мадия, Билга,

6Шемая, Жойарип, Жедая,

7Салу, Амок, Хилкия, Жедая. Булар – Жешуянын тушундагы башкы ыйык кызмат кылуучулар жана алардын бир туугандары.

8Ал эми лебилер: Жешуя, Бинуй, Кадмиел, Шейребия, Жүйүт, ырчылардын башчысы Матания жана анын бир туугандары,

9Бакбукея менен Уни, алардын бир туугандары бир катарда сакчылыкта турушту.

10Жешуядан Жайаким, Жайакимден Элийашип, Элийашиптен Жойада,

11Жойададан Жонатан, Жонатандан Жадуя төрөлгөн.

12Жайакимдин тушундагы ыйык кызмат кылуучулар, уруу башчылар булар: Серая тукумунан Мерая, Жеремия тукумунан Ханания,

13Эзра тукумунан Мешулам, Амария тукумунан Жоханан,

14Мелиху тукумунан Жонатан, Шебания тукумунан Жусуп,

15Харим тукумунан Адна, Мерайот тукумунан Хилкия,

16Идо тукумунан Захария, Гиптон тукумунан Мешулам,

17Абия тукумунан Зихри, Миниямин, Моадия тукумунан Пилтай,

18Билга тукумунан Шамуя, Шемая тукумунан Жонатан,

19Жойарип тукумунан Матенай, Жедая тукумунан Узи,

20Салай тукумунан Калай, Амок тукумунан Эйбер,

21Хилкия тукумунан Хашабия, Жедая тукумунан Натанаел.

22Элийашип, Жойада, Жоханан жана Жадуянын тушундагы уруу башчы лебилер, ошондой эле Персия падышасы Дарийдин тушундагы ыйык кызмат кылуучулар тизмеге кирди.

23Уруу башчылары болгон Леби уулдары, Элийашип уулу Жоханандын тушуна чейинки санжырада жазылган.

24Лебилердин башчылары: Хашабия, Шейребия, Кадмиел уулу Жешуя жана алардын бир туугандары. Алардын бир туугандары Кудайдын кишиси Дөөт түзгөн кезек боюнча Кудайга ыраазычылык билдирип даңктап туруу үчүн, алардын каршысына коюлган.

25Матания, Бакбукея, Обадия, Мешулам, Талмон, Акуп – булар дарбазаларда эшик кайтарган сакчылар.

26Алар Жотсадак уулу Жешуянын уулу болгон Жайакимдин тушунда, дубан башчы Некемия менен китеп көчүргүч, ыйык кызмат кылуучу Эзранын тушунда жашап, ошол кызматтарды аткарып турушкан.

27Иерусалим дубалын ыйыктарда, лебилерди жашаган жерлеринен Иерусалимге келишин талап кылышты. Аларга ыйыктоо ишин кубанычтуу майрам менен, жез табактардын, арфанын, гуслинин коштоосунда Кудайды мактоо жана даңазалоо ырлары менен өткөрүүнү буйрук беришти.

28Иерусалимдин тегереги менен Нетопанын кыштактарынан да ырчылардын уулдары келишти.

29Бейт-Гилгалдан да, Геба жана Азмабет талааларынан да келишти, себеби ырчылар Иерусалимдин чет-жакаларына кыштак куруп алышкан.

30Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер өздөрү тазаланып, анан элди да, дарбазаларды да, дубалдарды да ыйыкташты.

31Ошондо мен Жүйүт аймагынын эл башчыларын дубалдарга алып бардым да, салтанаттуу жүрүш үчүн, ырчылардын эки чоң тобун койдум, алардын бири Кык дарбазасын көздөй дубалдын оң тарабы менен бара жатты.

32Алардын соңунан Ошая жана Жүйүт аймагынын эл башчыларынын теңи:

33Азария, Эзра, Мешулам,

34Жүйүт, Бенжемин, Шемая жана Жеремия бара жатты.

35Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынан сурнай менен бара жаткандар: Захария. Захария – Жонатандын уулу, Жонатан – Шемаянын уулу, Шемая – Матаниянын уулу, Матания – Михейдин уулу, Михей – Закурдун уулу, Закур Асаптын уулу.

36Ошондой эле анын бир туугандары: Шемая, Азариел, Милалай, Гилалай, Маай, Натанаел, Жүйүт жана Ханани. Булар Кудайдын кишиси Дөөттүн музыкалык аспаптары менен бара жатышты. Алардын алдында китеп көчүргүч Эзра бара жатты.

37Алардын каршысында турган Булак дарбазасынын жанынан алар Дөөттүн шаарына чыга турган тепкичтер менен, Дөөттүн үйүнүн үстүндөгү дубалдарга чыга турган тепкичтер менен чыгыштагы Суу дарабазасына чейин чыгышты.

38Алардын каршысында ырчылардын экинчи тобу бара жатты, алардан кийин мен бара жаттым. Менден кийин элдин теңи дубал менен Меш мунарасынан жазы дубалга карай бара жатты.

39Эпрайым дарбазасынан, эски дарбазанын алдынан, Балык дарбазасынын, Хананел мунарасынын, Мея мунарасынын алдынан өтүп, Кой дарбазасына жетип, Зындан дарбазасынын алдына токтодук.

40Анан ырчылардын эки тобу тең, мен жана мени менен келген эл башчылардын теңи Кудай үйүнүн алдына келип туруп калдык.

41Ыйык кызмат кылуучулар: Элийаким, Маасея, Миниямин, Михей, Элийонай, Захария, Ханания сурнайлар менен турушту,

42Маасея, Шемая, Элазар, Узи, Жоханан, Малкия, Эйлам жана Эзер турушту. Анан ырчылар жер жаңырта ырдашты. Аларга Жизрахия башчы болду.

43Ошол күнү көп курмандык чалышты, анан ырдап шаттанышты, анткени Кудай аларга зор кубаныч берди. Аялдары да, балдары да ырдап шаттанышты. Иерусалимдеги кубаныч алыска угулуп жатты.

44Ошол эле күнү алгачкы түшүм менен ондуктар сакталуучу кампаларга, шаарлардын четиндеги эгин талаалардан алган түшүмдөн мыйзам боюнча ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерге тиешелүү болгон үлүштү чогултуш үчүн кишилер коюлду. Анткени жүйүт эли өз Кудайына кызмат кылып жаткан, ыйыктоо иштерин аткарып жаткан ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди көрүп кубанды.

45Алар өз Кудайына кызмат кылышты, ыйыктоо иштерин жүргүзүштү, ошондой эле Дөөттүн жана анын уулу Сулаймандын буйругу боюнча ырчы жана дарбазачы болуп турушту.

46Анткени эзелтен эле, Дөөт менен Асаптын тушунда, Кудайды мактоо, ыраазычылык билдирүү ырлары чыгарылып, аларды аткарган ырчылардын жетекчилери коюлган.

47Зоробабылдын тушунда да, Некемиянын тушунда да бүт ысрайылдыктар ырчыларга да, дарбазачыларга да күн сайын өз үлүштөрүн берип келишкен. Ыйык үлүштөрдү лебилерге берип турушкан, лебилер болсо ыйык үлүштөрдү Арундун уулдарына берип турушкан.