Некемия 4:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Санбалат дубалды куруп жатканыбызды укканда, ачуусу келип, кыжырланып, жүйүттөрдү шылдыңдады.

2Ал өз бир туугандарынын алдында жана самариялык аскер адамдарынын алдында мындай деди: «Бул байкуш жүйүттөр эмне кылып жатышат? Аларга ушуну курганга жол берилмек беле? Алар курмандык чалабыз деп жатышабы? Бир күнү бүтүрөбүз деп жатышабы? Үйүлгөн топурактан таштарды кайра тургуза алышмак беле? Анан калса, күйүп калган таштарды кайра тургуза алышмак беле?»

3Жанында турган амондук Тобия болсо мындай деди: «Кура беришсин, түлкү секирип чыкса эле, булардын таш дубалдары талкаланат».

4«Оо Кудайыбыз, кандай жек көрүндү абалда турганыбызды уга көр! Булардын шылдыңын өз баштарына сал, буларды туткун болуп барган жеринде жек көрүндү кыл.

5Булардын мыйзамсыз иштерин жаап койбо, Сенин алдыңда булардын күнөөлөрү жуулбасын, анткени булар курулушта иштеп жаткандарды капа кылышты».

6Бирок биз дубалды тургуза бердик. Ошентип, дубалды жарымына чейин көтөрүп койдук. Анткени элдин иштегенге каалоосу бар эле.

7Иерусалимдин дубалы калыбына келтирилип жатканын, бузулган жерлери оңдолуп жатканын укканда, Санбалат да, Тобия да, аравиялыктар да, амондуктар да, азоттуктар да абдан ачууланышты.

8Анан алар Иерусалим менен согушууга, дубалдарын талкалап салууга бирге барууну макулдашышты.

9Биз болсо Кудайыбызга сыйындык. Булардан сактаныш үчүн, күнү-түнү күзөтчүлөрдү койдук.

10Бирок жүйүттөр: «Жүк ташуучулар чарчап калышты, ал эми урандылар өтө көп. Дубалды кура албайбыз», – дешти.

11Душмандарыбыз болсо: «Булардын ортосуна кирип барабыз да, талкалайбыз, иштерин токтотобуз, алар биздин капыстан киргенибизди билбей да, көрбөй да калышат», – деп ойлоп жатышты.

12Алардын жанында жашаган жүйүттөр келишип, бизге душмандар ар кайсы жактан кол саларын он жолу айтканда,

13мен дубалдын ары жагына, ойдуң жана ачык жерлерге элди кылыч, найза, жаа менен куралдантып, уруу-уруусу боюнча койдум.

14Анан мен аларды карап чыгып, атактуу адамдарга, башчыларга жана элге: «Душмандан коркпогула. Улуу, коркунучтуу Теңириңерди эстегиле, өз бир туугандарыңар үчүн, өз уулдарыңар үчүн, өз кыздарыңар үчүн, өз аялдарыңар үчүн, өз жайыңар үчүн салгылашкыла», – деп айттым.

15Душмандарыбыз өздөрүнүн арам ойлору бизге белгилүү болуп калганын угушту, Кудай алардын арам ниетин талкалады. Ошондо биз дубалга кайра келип, ар кимибиз өз жумушубузга кириштик.

16Ошол күндөн тартып менин жаш жигиттеримдин жарымы жумушта болду, жарымы найза, калкан, жаа, соот кармап турду, аскер башчылар жүйүт элинин артында болушту.

17Дубал тургузуп жаткандар, жүк ташуучулар бир колу менен иш кылып, экинчи колуна найза кармап жүрүштү.

18Ар бир куруучу белине кылычын байлап иштеп жатты. Ал эми менин жанымда сурнайчы турду.

19Анан мен атактуу адамдарга, башчыларга жана калган элге мындай дедим: «Жумуш көп, жумуш чоң, биз дубалдын аяк-башында жүрөбүз, арабыз алыс.

20Ошондуктан силер сурнай үнүн кайсы жерден уксаңар, ошол жерге чогулуп, бизге келгиле. Биз үчүн Кудайыбыз Өзү күрөшөт».

21Биз жумушту ушундай аткардык. Таң сүргөндөн жылдыз чыкканга чейин жарымыбыз найза кармап турдук.

22Мындан тышкары, Иерусалимде бардыгы өз кулдары менен бирге түнөсүн дедим. Алар түнкүсүн күзөттө турушат да, күндүз иштешет.

23Өзүм да, бир туугандарым да, кишилерим да, кайтарган сакчыларым да кийимибизди чеччү эмеспиз. Сууга барганда да, ар бирибиз кылыч алып жүрчүбүз.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>