Некемия 5:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Ошондо эркектердин жана алардын аялдарынын арасында өздөрүнүн бир туугандары болгон жүйүттөргө каршы катуу нааразычылык туулду.

2Алардын арасында: «Биз көппүз, уулдарыбыз менен кыздарыбыз да көп. Биз нан таап, ичип-жеп жашагыбыз келет», – деп айткандар да болду.

3«Ачарчылыкта нан табыш үчүн, талаалар менен жүзүмзарларыбызды жана үйлөрүбүздү күрөөгө коюп жатабыз», – деп айткандар да болду.

4«Падышага салык төлөө үчүн, биз эгин талааларыбыз менен жүзүмзарларыбызды күрөөгө коюп, карызга күмүш алып жатабыз.

5Бир туугандарыбыздын денеси кандай болсо, биздин денебиз да ошондой, алардын балдары кандай болсо, биздин балдарыбыз да ошондой. Бирок биз уулдарыбыз менен кыздарыбызды кулдукка беришибиз керек, кыздарыбыздан күң болгондор да бар. Кун төлөп кайрып алууга колубузда эч кандай каражат жок. Биздин эгин талааларыбыз да, жүзүмзарларыбыз да бирөөлөрдүн колунда», – деп айткандар да болду.

6Мен алардын нааразылыгын, ушундай сөздөрүн укканда, абдан ачууландым.

7Бул жөнүндө ойлонуп, атактууларга жана башчыларга: «Өз бир туугандарыңардан үстөк алып жатасыңар», – деп катуу айттым. Аларга каршы жамаат чогулттум.

8Анан аларга: «Жат элдерге сатылып кеткен жүйүт бир туугандарыбызды күчүбүздүн жетишинче кун төлөп куткарып алдык. Силер болсо өз бир туугандарыңарды сатып жатасыңар, алар бизге сатылышы үчүн ушундай кылып жатасыңар», – дедим. Алар үндөбөй, жооп таба албай калышты.

9Ошондо мен мындай дедим: «Бул кылганыңар жакшы эмес. Бизге душман болгон элдерге шылдың болбош үчүн, Кудайыбыздан корксоңор болбойбу?

10Мен да, бир туугандарым да, мага кызмат кылгандар да аларга карызга күмүш жана эгин бергенбиз. Бул карыздарды кечип коёлу.

11Силер алардын эгин талааларын, жүзүмзарлары менен зайтун бактарын, үй-жайларын азыр эле кайтарып бергиле. Карызга берген күмүшүңөрдүн, дан-эгиндериңердин, шараптарыңардын, май азыктарыңардын үстөгүн алып таштагыла».

12Ошондо алар: «Кайтарып беребиз, алардан эч нерсе талап кылбайбыз. Сен айткандай кылабыз», – дешти. Анан мен ыйык кызмат кылуучуларды чакырып, аларга ушундай кылабыз деп ант берүүнү буйрудум.

13Анан мен кийимимди силкип көрсөтүп: «Сөзүнө турбаган ар бир кишини Кудай мына ушундай кылып силкип салсын, ал өз үйүнөн, өз мүлкүнөн ажырап, куру жалак калсын!» – дедим. Ошондо бүт эл: «Оомийин!» – деди. Анан Кудайды даңазалады. Эл айтылган сөздү так аткарды.

14Ошондой эле Артакшаштанын падышачылыгынын жыйырманчы жылынан отуз экинчи жылына чейин, мен Жүйүт жеринде он эки жыл дубан башчы болуп турганымда өзүм да, бир туугандарым да дубан башчылыктын нанын жеген жокпуз.

15Ал эми мага чейин болгон мурдагы дубан башчылар элге оорчулук салып, кырк күмүш шекелден тышкары, алардан эгин да, шарап да алып турушкан. Атүгүл, алардын кызматчылары да элге үстөмдүк кылышкан. Мен болсо Кудайдан корккондуктан, анткен жокмун.

16Ошол эле учурда дубал куруу жумуштарын колдоп турдум. Биз талааларды сатып алган жокпуз. Менин кызматчыларымдын бардыгы чогулуп, ошол жерде иштешти.

17Чет-жакадан келген элден тышкары, жүйүттөр менен башчылардан жүз элүү киши дасторконумдан тамактанып турду.

18Бир күндүк тамакка бир бука, бордолгон алты кой, ар кандай канаттуулар даярдалчу. Он күндө бир жолу шараптын ар кыл түрлөрү дасторконго коюлчу. Ушундай болсо да дубан башчылыктын энчисин талап кылбадым, анткени элдин жумушу абдан оор эле.

19Оо Кудайым, мага жакшы болушу үчүн, бул элге кылган бардык кызматымды унутпа!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>