Некемия 6:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Менин дубалды куруп бүткөнүм жана бузулган жерлердин оңдолуп бүткөнү Санбалаттын да, Тобиянын да, аравиялык Гешемдин да кулагына жетти. Бирок дарбазалардын эшиктерин коё элек болчумун.

2Ошондо Санбалат менен Гешем мага киши жиберип: «Кел, Оно түздүгүндөгү бир кыштактан кездешели», – деп айттырышты. Алар мага кыянаттык кылууну ойлошту.

3Бирок мен аларга элчилерди жөнөтүп: «Мен чоң иш менен алек болуп жатам, бара албайм. Эгер жумушумду таштап, силер менен жолугуша турган болсом, анда иш токтоп калат», – деп айттырдым.

4Алар ушундай деп айттырып, мага төрт жолу киши жиберишти, мен аларга мурдагыдай эле жоопту бердим.

5Ошондо Санбалат мага бешинчи ирет өз кызматчысын жөнөттү, колунда ачык кат бар экен.

6Анда мындай деп жазылыптыр: «Эл арасында мындай сөздөр айтылып жүрөт, Гешем да айтып жатат: Сен да, жүйүттөр да бөлүнгөнү жаткан экенсиңер, алардын айтымына караганда, аларга падыша болом деп, дубалды куруп жатыптырсың.

7Өзүң жөнүндө: “Жүйүт падышасы мына!” – деп жарыялатыш үчүн, Иерусалимге пайгамбарларды да коюптурсуң. Мындай сөздөр падышага да жетип калат. Ошондуктан сөзсүз кел, чогуу кеңешели».

8Бирок мен ага киши жөнөтүп: «Сенин айткандарыңдын бири да болгон эмес. Сен муну өз акылың менен ойлоп тапкансың», – деп айттырдым.

9Анткени алар: «Алардын ындыны өчүп, бул ишти аягына чыгара албай калышат», – деп, бизди коркутушкан. Бирок ошенткен сайын мен ого бетер кайраттандым.

10Мен Мейтабел уулу болгон Делаянын уулу Шемаянын үйүнө келдим, ал эшиктерди бекитип: «Кудайдын үйүнө барып, ийбадаткананын ичине кирип, эшикти бекитип алалы. Анткени алар сени өлтүргөнү жатышат, алар сени өлтүрүү үчүн түндө келишет», – деди.

11Бирок мен: «Мендей адам кантип качсын? Мендей адам тирүү калам деп, ийбадатканага кантип кирсин? Барбайм», – дедим.

12Ал мага пайгамбардай сүйлөсө да, аны Кудай жибербегенин, аны Тобия менен Санбалат сатып алышканын билгем.

13Анткени мени коркутуш үчүн, ушинтип күнөөгө батырыш үчүн, мени жаманатты кылып, мени жемелеп, куугунтукка алыш үчүн, аны сатып алышкан.

14Оо Кудайым, Тобия менен Санбалаттын ушул иштерин унута көрбө, мени коркуткусу келген пайгамбар аял Ноядияны жана башка пайгамбарларды да унута көрбө!

15Дубал Элул айынын жыйырма бешинчи күнү, элүү эки күндө курулуп бүттү.

16Бул тууралуу бүт душмандарыбыз укканда жана биздин тегерегибиздеги бүт элдер көргөндө, алар абдан коркуп калышты, бул ишти биздин Кудай кылганын билишти.

17Бирок ошол күндөрү жүйүттөрдүн атактуу адамдары катты көп жазып, Тобияга жөнөтүп турушту, Тобиядан да аларга кат келип жатты.

18Анткени Жүйүт аймагындагы көп адамдар ага ант беришип, бир келишимде болушту, себеби ал Арах уулу Шеханиянын күйөө баласы эле. Анын уулу Жоханан Берехия уулу Мешуламдын кызын алган.

19Атүгүл, менин көзүмчө анын кең пейилдигин кеп кылышчу, менин сөздөрүм да ага жеткирилип турчу. Тобия мени коркутуш үчүн, кат жөнөтүп турду.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>