1Дубал курулуп, эшиктери салынып, кызмат кыла турган дарбазачылар, ырчылар жана лебилер өз кызматтарына коюлуп бүткөн соң,
2мен бир тууганым Хананиге жана Иерусалим чебинин башчысы Хананияга буйрук бердим. Анткени ал башкаларга караганда Кудайдан корккон, ишенимдүү адам эле.
3Анан мен аларга мындай дедим: «Дарбазачылар күн жылыганча Иерусалим дарбазаларын ачышпасын, эшиктерди күн бата электе жаап, бекитип салышсын». Ошентип, Иерусалим тургундарын күзөткө койдум, ар бирин өз ордунда, өз үйүнүн маңдайында сакчы кылып койдум.
4Бирок шаар кенен, чоң эле, анда жашаган эл болсо аз болчу, жаңы үйлөр курулуп бүтө элек эле.
5Элди каттоодон өткөрүш үчүн, атактуулар менен эл башчыларын чогултууну Кудайым жүрөгүмө салды. Бул жакка биринчи келгендердин санжырасын таап алдым, анда мындай деп жазылган экен:
6Бабыл падышасы Небухаданасар туткундап кеткен туткундардын ичинен Иерусалимге, Жүйүт аймагына, ар бири өз шаарына келген тургундар булар:
7Зоробабыл, Жешуя, Некемия, Азария, Раамия, Нахмани, Мордохай, Билшан, Мисперет, Бикбай, Нехум, Баана жана алар менен кошо келгендер. Ысрайыл элинин саны:
8Пароштун уулдары эки миң бир жүз жетимиш эки.
9Шепатиянын уулдары үч жүз жетимиш эки.
10Арахтын уулдары алты жүз элүү эки.
11Жашыя менен Жойаптын уулдарынан Пахат-Мааптын уулдары эки миң сегиз жүз он сегиз.
12Эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт.
13Затунун уулдары сегиз жүз кырк беш.
14Закайдын уулдары жети жүз алтымыш.
15Бинуйдун уулдары алты жүз кырк сегиз.
16Бейбайдын уулдары алты жүз жыйырма сегиз.
17Азгаттын уулдары эки миң үч жүз жыйырма эки.
18Адонукамдын уулдары алты жүз алтымыш жети.
19Бикбайдын уулдары эки миң алты жүз жети.
20Адиндин уулдары алты жүз элүү беш.
21Хиския тукумунан Атейирдин уулдары токсон сегиз.
22Хашумдун уулдары үч жүз жыйырма сегиз.
23Бейтсайдын уулдары үч жүз жыйырма төрт.
24Хариптин уулдары жүз он эки.
25Гибондо туулгандар токсон беш.
26Бейт-Лехем менен Нетопанын тургундары жүз сексен сегиз.
27Анатоттун тургундары жүз жыйырма сегиз.
28Бейт-Азмабеттин тургундары кырк эки.
29Кирийат-Жейаримдин, Кепиранын жана Бейроттун тургундары жети жүз кырк үч.
30Рама менен Гебанын тургундары алты жүз жыйырма бир.
31Мукмастын тургундары жүз жыйырма эки.
32Бейтел менен Айдын тургундары жүз жыйырма үч.
33Башка Небонун тургундары элүү эки.
34Башка Эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт.
35Харимдин уулдары үч жүз жыйырма.
36Жериходо туулгандар үч жүз кырк беш.
37Лоддо, Хадитте жана Онодо туулгандар жети жүз жыйырма бир.
38Сенаада туулгандар үч миң тогуз жүз отуз.
39Ыйык кызмат кылуучулар: Жешуянын тукумунан Жедаянын уулдары тогуз жүз жетимиш үч.
40Имердин уулдары бир миң элүү эки.
41Пашкурдун уулдары бир миң эки жүз кырк жети.
42Харимдин уулдары бир миң он жети.
43Лебилер: Кадмиел тукумунан Жешуянын уулдары, Адея тукумунан жетимиш төрт.
44Ырчылар: Асаптын уулдары жүз кырк сегиз.
45Дарбазачылар: Шалумдун уулдары, Атейирдин уулдары, Талмондун уулдары, Акуптун уулдары, Хатитанын уулдары, Шобайдын уулдары жүз отуз сегиз.
46Нетиндер: Зиханын, Хасупанын, Табаотанын,
47Кейростун, Сиянын, Падондун,
48Лебандын, Хагаптын, Салмайдын,
49Ханандын, Гиделдин, Гахардын,
50Рейайдын, Ретсиндин, Некоданын,
51Газамдын, Узанын, Пасейахтын,
52Бейсайдын, Мейунимдин, Непишсимдин,
53Бакбуктун, Хакупанын, Хархурдун,
54Батсилиттин, Мехиданын, Харшанын,
55Баркостун, Сисранын, Тамахтын,
56Нетсиахтын, Хатипанын уулдары.
57Сулаймандын кулдарынын уулдары: Сотайдын, Сопереттин, Периданын,
58Жааланын, Даркондун, Гиделдин,
59Шепатиянын, Хатилдин, Похерет-Атсебайымдын, Амондун уулдары.
60Бардык нетиндер менен Сулаймандын кулдарынын уулдары үч жүз токсон эки.
61Тейил-Мелахтан, Тейил-Харшадан, Керуп-Адондон жана Имерден чыккандар ушулар. Бирок алар өз тукумдарынын, өз урууларынын Ысрайылдан чыкканын көрсөтүп бере алышкан жок.
62Делаянын, Тобиянын, Некоданын уулдары алты жүз кырк эки.
63Ыйык кызмат кылуучулардан: Хабаянын уулдары, Акостун уулдары, Барзелайдын уулдары бар. Ал гилаттык Барзелайдын кызын алып, ошонун аты менен аталып калган.
64Булар өз санжырасынын тизмесин таба алышпай, ыйык кызмат кылуучулардын тизмесинен чийилип калышкан.
65Тиршапа аларга: «Урим менен тумим аркылуу Кудайдан сураган ыйык кызмат кылуучу чыкмайынча, ыйык тамактан жебегиле», – деди.
66Бардык жамаат биригип, кырк эки миң үч жүз алтымыш адам болду.
67Булар – жети миң үч жүз отуз жети кулдары менен күңдөрүнөн тышкары санакка киргендер. Алардын дагы эки жүз кырк беш ырчы кыз-жигиттери бар эле.
68Булардын жети жүз отуз алты жылкысы, эки жүз кырк беш куланы,
69төрт жүз отуз беш төөсү, алты миң жети жүз жыйырма эшеги болгон.
70Кээ бир уруу башчылар ишти жүргүзүш үчүн каражат беришти. Тиршапа казынага миң алтын драхма, элүү чөйчөк, ыйык кызмат кылуучулар үчүн беш жүз отуз кийим берди.
71Кээ бир уруу башчылар жумуштарды жүргүзүш үчүн, казынага жыйырма миң алтын драхма, эки миң эки жүз мина күмүш беришти.
72Калган эл жыйырма миң алтын драхма, эки миң мина күмүш, ыйык кызмат кылуучулар үчүн алтымыш жети кийим беришти.
73Ошентип, ыйык кызмат кылуучулар да, лебилер да, дарбазачылар да, ырчылар да, нетиндер да, жалпы эл да, бүткүл Ысрайыл эли да өз шаарларында жашап калышты.