1Жетинчи айда, Ысрайыл уулдары өз шаарларында жашап турушканда, бүт эл бир кишидей Суу дарбазасынын алдындагы аянтка чогулду да, китеп көчүргүч Эзрага Теңирдин Ысрайылга осуят кылган Мусанын мыйзам китебин алып кел деди.
2Ыйык кызмат кылуучу Эзра китепти жетинчи айдын биринчи күнү жамааттын, эркектер менен аялдардын жана мыйзамды түшүнө алгандардын алдына алып келди.
3Анан ал андан Суу дарбазасынын алдындагы аянтта таң сүргөндөн чак түшкө чейин эркектер менен аялдарга жана аны түшүнө алган адамдарга окуп берди. Элдин бардыгы мыйзам китебин кунт коюп угушту.
4Окутуучу Эзра атайы жасалган жыгач секичеде турду. Анын жанында, оң кол тарабында, Матития менен Шема, Аная менен Урий, Хилкия менен Маасея, ал эми сол кол тарабында Педая менен Мишаел, Малкия менен Хашум, Хашбадана менен Захария жана Мешулам турду.
5Эзра китепти бүт элдин көз алдында ачты, анткени ал бардык элден бийик турган. Ал китепти ачканда, бүт эл ордунан турду.
6Анан Эзра улуу Кудай-Теңирди даңктады, бүт эл колдорун көтөрүп, «Оомийин, оомийин», – деп жерге жете ийилип, Теңирге табынышты.
7Жешуя, Бани, Шейребия, Жамин, Акуп, Шаптай, Одия, Маасея, Келита, Азария, Жозабат, Ханан, Пелая жана лебилер ошол жерде турган элге мыйзамды түшүндүрүп жатышты.
8Алар китептеги Кудайдын мыйзамдарын элге так окуп, түшүндүрүп берип жатышты. Алар окуганды эл түшүнүп жатты.
9Ошондо тиршапа Некемия, китеп көчүргүч Эзра, ыйык кызмат кылуучу, элди окутуп жаткан лебилер бүт элге: «Бул күн – Кудай-Теңириңерге арналган ыйык күн, кайгырбагыла да ыйлабагыла», – дешти, анткени эл мыйзам сөздөрүн угуп жатканда, ыйлап турушкан эле.
10Некемия аларга: «Баргыла, тамактын майлуусунан жеп, ичимдиктин таттуусунан ичкиле, эч нерсе даярдабагандар менен бөлүшкүлө, анткени бул күн – Теңирибизге арналган ыйык күн. Кайгырбагыла. Анткени Теңирдин алдында кубануу силерге күч болот», – деди.
11Лебилер да: «Сабыр кылгыла, бул күн – ыйык күн, капа болбогула», – деп, бүт элди сооротуп жүрүштү.
12Ошондо бүт эл барып, ичип-жеп, эч нерсе даярдабагандар менен да бөлүшүп, өз көңүлдөрүн көтөрүп, салтанат менен майрамдашты, анткени аларга айтылган сөздөрдү терең түшүнүштү.
13Эртеси уруу башчылар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер мыйзам сөздөрүн түшүндүрүп берсин деп, бүт элдин атынан китеп көчүргүч Эзрага келишти.
14Алар Теңирдин Муса аркылуу берген мыйзам китебинен «Ысрайыл уулдары жетинчи айда, майрам күндөрү алачыктарда жашашсын» деп жазылган сөздөрдү табышты.
15Ошондуктан өздөрү жашаган бардык шаарларга жана Иерусалимге жар салышып: «Жазылган сөздөрдүн негизинде алачыктарды жасаш үчүн, тоого баргыла да, зайтун дарагынын, жапайы зайтун дарагынын, мирта дарагынын, курма пальмасынын жана жазы жалбырактуу дарактардын бутактарын кыйып келгиле», – дешти.
16Эл жабыла барып, бутактарды кыйып келди да, ар ким өз турак-жайынын үстүнө, өз короосуна, Кудайдын үйүнө, Суу дарбазасынын алдындагы аянтка жана Эпрайым дарбазасынын алдындагы аянтка алачык жасашты.
17Туткундан кайрылып келген бүткүл жамаат алачык жасап, ошол алачыктарда жашап турушту. Нундун уулу Жашыянын күндөрүнөн ушул күнгө чейин Ысрайыл уулдары мындай кылышкан эмес. Бул зор кубаныч болду.
18Кудайдын мыйзам китебин күн сайын, биринчи күндөн акыркы күнгө чейин окуп жатышты. Жети күн майрамдашты, сегизинчи күнү мыйзамга ылайык майрамдык жыйналыш болду.