Некемия 9:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Ушул айдын жыйырма төртүнчү күнү Ысрайыл уулдары зумбал кийип, баштарына күл сээп, орозо кармашты.

2Ысрайыл тукуму бөлөк тукумдардан бөлүнүп, өз бетинче турду да, өз күнөөлөрү менен ата-бабаларынын кылмыштарын моюндарына алып, кечирим сурады.

3Алар өз орундарында туруп, күндүн чейрегине чейин өз Кудай-Теңиринин мыйзам китебинен окуп, чейрек күн өз Кудай-Теңирине таазим кылып, кечирим сурашты.

4Жешуя, Бани, Кадмиел, Шебания, Буни, Шейребия, Бани, Хенани лебилердин секичесине чыгып, катуу үн менен өз Кудай-Теңирине кайрылышты.

5Анан лебилер – Жешуя, Кадмиел, Бани, Хашабнея, Шейребия, Одия, Шебания, Петахия мындай дешти: «Тургула, өз Кудай-Теңириңерди кылымдан кылымга даңктагыла! Даңктоого татыктуу болгон, бардык мактоолордон жогору турган Сенин атың мактала берсин да, даңктала берсин!

6Теңир, Сен жалгыз Кудайсың, Сен асманды, асмандардын асманын, асман кошуунун, жерди жана андагынын бардыгын, деңиздерди жана андагылардын бардыгын жараттың, ошонун баарына өмүр бердиң, асман кошуунунун бардыгы Сага таазим кылат.

7Кудай-Теңир, Сен Өзүң Ыбрамды тандап алып, аны каздимдердин Ур-Каздим деген шаарынан алып чыгып, ага Ыбрайым деген ат бердиң.

8Анын жүрөгүнүн Өзүңө берилгенин көрүп, анын тукумуна канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, жебустуктардын жана гиргештиктердин жерлерин берем деп, аны менен келишим түздүң. Сен Өз сөзүңдү орундаттың, анткени Сен адилетсиң.

9Сен биздин ата-бабаларыбыздын Мисирде тарткан азабын көрдүң, алардын Кызыл деңиздин жанындагы зарын уктуң.

10Ошондо фараонго, анын кызматчылары менен ал жердин бардык элине жышаандарың менен кереметтериңди көрсөттүң, анткени Сен алардын бул элге текебердик менен мамиле кылганын билчүсүң, Сен Өз атыңды чыгардың, алар аны бүгүнкү күнгө чейин билишет.

11Сен алардын алдында турган деңизди экиге бөлдүң, ошондо алар деңиздин ортосунан, кургак жер менен өтүп кетишти. Алардын артынан куугандарды ташкындаган сууга таш чөккөндөй чөгөрдүң.

12Алар бара турган жолду жарык кылыш үчүн, күндүз булут мамы болуп, түнкүсүн от мамы болуп, аларды алып жүрдүң.

13Синай тоосуна түшүп келип, алар менен асмандан сүйлөштүң да, аларга адилеттүү өкүмдү, ишенимдүү мыйзамды, жакшы буйруктарды жана осуяттарды бердиң.

14Аларга Өз кулуң Муса аркылуу Өзүңдүн ыйык ишембиңди, осуяттарыңды, буйруктарыңды, мыйзамдарыңды бердиң.

15Алар ачка болгондо, Сен аларга асмандан нан берип турдуң, суусаганда, таштан суу чыгарып берип турдуң, Сен аларга берем деп, колуңду көтөрүп ант берген жерге барып, ал жерди ээлеп алгыла дедиң.

16Бирок алар, биздин ата-бабаларыбыз, өжөрлөнүп моюн сунбай, Сенин осуяттарыңды укпай коюшту.

17Алар Сага баш ийгиси келбей, Сенин аларга көрсөткөн керемет иштериңди эстеринен чыгарып, моюн сунбай, өздөрүнүн өжөрлүгү менен кайрадан кул болуш үчүн, өздөрүнө жол башчы коюп алышты. Бирок Сен кечиргенди сүйгөн, жакшы, боорукер, чыдамдуу, абдан ырайымдуу Кудай болгондуктан, аларды таштаган жоксуң.

18Алар өздөрүнө алтындан музоо жасап: “Мисирден алып чыккан кудайыңар ушул”, – деп, Сага акарат келтиришкенине карабай,

19Сен Өзүңдүн улуу боорукердигиң менен аларды чөлгө таштаган жоксуң. Аларды жол менен алып жүрүш үчүн, алар бара жаткан жолдо аларга жарык берип туруш үчүн, күндүз булут мамы, түнкүсүн от мамы алардан алыстаган жок.

20Аларды үйрөтүш үчүн, Өзүңдүн жакшы Рухуңду жибердиң, алардын оозунан маннаны үзбөдүң, суусунун кандырууга суу берип турдуң.

21Сен аларды кырк жыл чөлдө бактың. Алар эч нерседен кем болушкан жок, кийген кийимдери эскирген жок, буттары шишиген жок.

22Сен аларга падышачылыктар менен элдерди каратып бердиң, аларга жер бөлүп бердиң, алар Сихон жерлерине, Кешпон падышасынын жерлерине, Башан падышасы Огдун жерлерине ээ болушту.

23Алардын уулдарын асмандагы жылдыздардай көбөйттүң, келип ээлешет деп, ата-бабаларына Өзүң айткан жерге аларды алып бардың.

24Алардын уулдары келип, ал жерди ээлешти. Ал жердин тургундарын – канаандыктарды Сен аларга багынтып бердиң, эмне кылса өздөрү билсин деп, ал жерде жашаган элдерди, алардын падышаларын колдоруна салып бердиң.

25Алар чептүү шаарларды, семиз жерди ээлеп, дүнүйө-мүлккө толгон үйлөрдү, таштан жасалган көлмөлөрдү, жүзүмзарлар менен зайтун бактарын, мөмөлүү дарактарды тартып алышты. Өзүңдүн кең пейилдигиң менен ичип-жешти, тоюшту, семиришти, жыргашты.

26Алар тоң моюн тартып, Өзүңө каршы чыгышты, мыйзамыңды жек көрүштү, Сага кайрылгыла деп эскерткен пайгамбарларыңды өлтүрүштү, Сага акарат келтиришти.

27Ошондо Сен аларды кысымга алган душмандардын колуна салып бердиң. Алар кыйналганда, Сага кайрылышчу, Сен алардын үнүн асмандан укчусуң, Өзүңдүн улуу боорукердигиң менен аларга куткаруучуларды жиберчүсүң, куткаруучулар аларды душмандардын колунан куткарышчу.

28Тынч алып калышканда, алар Сенин көз алдыңда кайрадан жамандык кыла башташчу. Ошондо Сен аларды кайрадан душман колуна салып берчүсүң, душмандары аларга үстөмдүк кылышчу. Бирок алар Сага кайрадан кайрылганда, Сен алардын үнүн асмандан угуп, Өзүңдүн улуу боорукердигиң менен аларды куткарып турчусуң.

29Сен аларга Өзүңдүн мыйзамыңа кайрылууну эскертип турдуң, бирок алар көшөрүп, Сенин осуяттарыңды аткарышчу эмес, Сенин мыйзамдарыңдан четтеп кетишчү. Аларды аткарган адам жашамак. Бирок алар тил албай, моюн сунбай өжөрлөнүштү.

30Аларды кайрылар бекен деп, көп жылдар күтүп, Өзүңдүн Рухуң менен, пайгамбарларың аркылуу алардын эсине салып турдуң, бирок алар укпай коюшту. Ошондо Сен аларды бөтөн жердеги элдердин колдоруна салып бердиң.

31Бирок Өзүңдүн улуу боорукердигиң менен аларды таптакыр кырып салган жоксуң, таштап койгон жоксуң, анткени Сен жакшы, ырайымдуу Кудайсың.

32Оо Кудай, Сен азыр да Өзүңдүн келишимиң менен ырайымыңды сактап турган кудуреттүү да, коркунучтуу да улуу Кудайсың! Ашур падышаларынын күндөрүнөн тартып бүгүнкү күнгө чейин биздин, падышаларыбыздын, төрөлөрүбүздүн, ыйык кызмат кылуучуларыбыздын, пайгамбарларыбыздын, ата-бабаларыбыздын жана бүт элдин тарткан азаптары Сага аз болуп көрүнбөсө экен.

33Биз кандай азап тартсак да, ошонун бардыгын Сен туура кылдың, анткени Сен бардык иште адилет болдуң, ал эми биз күнөөлүү болдук.

34Биздин падышаларыбыз, төрөлөрүбүз, ыйык кызмат кылуучуларыбыз, ата-бабаларыбыз Сенин мыйзамыңды аткарышкан жок, Сен эскертип турган осуяттарың менен эскертүүлөрүңдү укпай коюшту.

35Өзүңдүн улуу ырайымың менен берген падышачылыкта, Өзүң бөлүп берген кең, семиз жерде жашап турушканда, алар Сага кызмат кылышкан жок, өздөрүнүн кыянат иштерин калтырышкан жок.

36Азыр биз кулбуз, Сен ата-бабаларыбызга жер-жемиштери жана түшүмдөрү менен азыктанууга берген жерде биз кулдукта жүрөбүз.

37Күнөөбүз үчүн Сен бизди багынтып берген падышаларга бул жер көп түшүм берип жатат. Алар өзүбүзгө да, мал-жаныбызга да өздөрү каалагандай үстөмдүк кылып жатышат. Биз кыйын кысталышта калдык.

38Ушулардан улам биз бекем келишим түзүп, колубузду коюп жатабыз, колдорубуздун үстүндө биздин төрөлөрдүн, лебилердин, ыйык кызмат кылуучулардын мөөрлөрү турат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>