1Обадия көргөн көрүнүш. Кудай-Теңир Эдом тууралуу мындай дейт: Биз Теңирден кабар уктук, «Тургула, Эдомго каршы согушка чыгабыз!» деп жарыялаш үчүн, элдердин арасына элчи жөнөтүлдү.
2«Мына, Мен сени элдердин арасында кичине эл кылдым, сен абдан жек көрүндү болдуң.
3Аскалардын жаракаларында жашаган, отурукташкан жери бийик жер болгон, жүрөгүндө: “Ким мени жерге кулатып түшүрөт?” – деген сени өзүңдүн жүрөгүңдүн текебердиги алдады.
4Сен бүркүттөй болуп бийик көтөрүлүп, өз уяңды жылдыздардын арасына салсаң да, Мен сени ошол жерден да кулатып түшүрөм, – дейт Теңир.
5Сен ушунча кыйрагыдай, сага уурулар, түнкү каракчылар кирдиби? Бирок алар өздөрүнө канча керек болсо, ошончо гана уурдашмак да. Эгерде сага жүзүм терип кетүүчүлөр киришсе, анда алар анча-мынча мөмө калтырышмак да.
6Эйсаптын бардык нерсеси кандай тонолду, анын жашыруун казыналары кандай аңтарылды!
7Сени менен келишим түзгөндөр сени чек арага чейин узатып барышты, сени менен тынчтыкта болгондор сени алдап, багынтып алышты, сенин наныңды жегендер сага тузак коюшту. Сенин акылың жок!
8Мен ошол күнү Эдомдогу даанышман адамдарды, Эйсап тоосундагы акылдуу адамдарды кырам, – дейт Теңир.
9Тейман, сенин эр жүрөк адамдарыңдын үрөйү учат, Эйсап тоосундагы адамдардын баары салгылашта кырылат.
10Өз бир тууганың Жакыпка кысым көрсөткөнүң үчүн уятка каласың, тукум курут болосуң.
11Сен четте турган күнү, жат жерликтер анын аскерлерин туткундап кеткен күнү, бөтөн элдер анын дарбазасынан кирип, Иерусалим үчүн өкчөмө таш ыргыткан күнү сен да ошолордун бири сыяктуу болдуң.
12Бир тууганыңды башына алаамат түшкөн күнү, кыйраган күнү табалап карап турбасаң болот эле. Жүйүт уулдары кырылып жаткан күнү кубанбасаң болот эле, алардын башына алаамат түшкөн күнү оозуңду чоң ачпасаң болот эле.
13Башына алаамат түшкөн күнү Менин элимдин дарбазасына кирбесең болот эле, анын башына алаамат түшкөн күнү кыйраганын карап турбасаң болот эле, башына алаамат түшкөн күнү анын мүлкүнө тийбесең болот эле.
14Анын качкындарын өлтүрүш үчүн, жолдордун кесилишинде аңдып турбасаң болот эле. Алаамат күнүндө анын аман калгандарын душмандын колуна салып бербесең болот эле.
15Анткени бүт элдерге Теңирдин күнү жакын: сен кандай кылсаң, сага да ошондой кылынат. Сенин кылган ишиң өз башыңа тиет.
16Анткени силер Менин ыйык тоомдо каар чөйчөгүнөн ичкениңердей эле, бардык элдер да андан дайыма ичишет. Алар ичишет, жутушат, ошондо алар жер үстүндө такыр болбогондой болушат.
17Ал эми Сион тоосунда куткарылуу болот, ал ыйык жай болот. Жакып өз мурасына ээ болот.
18Жакып от, Жусуп жалын, ал эми Эйсап саман болот: аны өрттөп жок кылышат, ошентип, Эйсаптын элинен эч ким калбайт, анткени муну Теңир айтты.
19Түштүктө жашагандар Эйсап тоосун ээлеп алышат, ал эми өрөөндө жашагандар Пелишти жерин ээлеп алышат. Алар Эпрайым талааларын, Самария талааларын ээлеп алышат, Бенжемин Гилатты ээлеп алат.
20Канаандыктардын арасында жашап жаткан Ысрайыл уулдарынын туткундагы аскерлери Сарепатка чейин ээлеп алышат, ал эми Сепаратта жашап жаткан Иерусалимден туткундалып кеткендер түштүк шаарларын ээлеп алышат.
21Ошентип, Эйсап тоосун соттош үчүн, Сион тоосуна куткаруучулар чыгышат, ошондо падышачылык Теңирге таандык болот».