1Жүйүт падышалары Узиянын, Жотамдын, Ахаздын, Хискиянын тушунда жана Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда Бейринин уулу Ошуяга айтылган Теңирдин сөзү.
2Теңирдин Ошуяга сүйлөгөн сөзүнүн башы. Теңир Ошуяга: «Бар, өзүңө бузулган аялды жана бузуктуктун балдарын ал. Анткени бул жер Теңирден баш тартып, аябай бузуктук кылып жатат», – деди.
3Ошондо Ошуя барып, Диблайимдин кызы Гомерди алды. Анын боюна бүтүп, ага уул төрөп берди.
4Анан Теңир ага мындай деди: «Ага Изрейел деген ат кой, анткени бир аз убакыт өткөндөн кийин, Изрейелдин каны үчүн Жейу тукумун жазалайм, ошентип, Мен Ысрайыл падышачылыгын жок кылам.
5Ошол күнү мындай болот: Мен Изрейел өрөөнүндө Ысрайылдын жаасын сындырам».
6Гомердин дагы боюна бүтүп, кыз төрөдү. Ошондо Теңир Ошуяга мындай деди: «Ага Ло-Рухам деген ат кой. Анткени Мен мындан ары Ысрайыл тукумуна ырайым кылбайм, аны кечирбейм.
7Жүйүт тукумуна болсо ырайым кылам, аларды өздөрүнүн Кудай-Теңири аркылуу куткарам. Мен аларды жаа менен, кылыч менен, согуш менен, аттар менен, атчан аскерлер менен куткарбайм».
8Ло-Рухамды эмчектен чыгаргандан кийин, анын боюна бүтүп, уул төрөдү.
9Ошондо Теңир мындай деди: «Ага Ло-Ами деген ат кой, анткени силер Менин элим эмессиңер, Мен да силердин Кудайыңар болбойм.
10Бирок Ысрайыл уулдарынын саны деңиз кумундай өлчөнгүс, саналгыс болот. “Силер Менин элим эмессиңер” деген жерде аларга: “Силер тирүү Кудайдын уулдарысыңар”, – дешет.
11Ошондо Жүйүт уулдары менен Ысрайыл уулдары чогулуп, өздөрүнө бир башчы коюшат, өздөрү куулуп барган жерден чыгышат. Анткени Изрейелдин күнү улуу болот!