1Ысрайыл – жемишти көп берген жүзүм сабагы. Ал өзүнүн жемиши канчалык көбөйгөн сайын, курмандык чалынуучу жайларын ошончолук көбөйттү. Анын жерлери канчалык жакшы болгон сайын, жасалма кудайларын ошончолук кооздоп жатат.
2Алардын жүрөгү бөлүндү, ошон үчүн алар жазаланышат: алардын курмандык чалынуучу жайлары талкаланат, жасалма кудайлары кыйратылат.
3Азыр алар: «Биздин падышабыз жок, анткени биз Теңирден корккон эмеспиз! Ал эми падыша бизге эмне кыла алат?» – деп жатышат.
4Алар курулай сөздөрдү сүйлөп жатышат, жалган ант берип жатышат, келишимдерди түзүп жатышат. Ошон үчүн алардын үстүнөн боло турган сот талаанын бороздоруна чыккан уу чөптөй болуп өсүп чыгат.
5«Самария тургундары Бейт-Абендеги музоо үчүн титирешет. Анын эли ал үчүн ыйлайт. Ал тууралуу кубанган анын буткана кызматчылары анын атак-даңкы жөнүндө ыйлашат, анткени андан атак-даңк кетет.
6Ал өзү да Жареп падышага тартуу катары Ашурга жөнөтүлөт. Эпрайым уятка калат, Ысрайыл өз ою үчүн маскара болот.
7Самариянын падышасы суунун үстүндөгү көбүк сыяктуу жоголот.
8Ысрайылдын күнөөсү болгон Абен бутканалары талкаланат. Алардын курмандык чалынуучу жайларына тикенек жана төө тикен өсүп чыгат. Алар тоолорго: “Бизди жапкыла!” – дешет, адырларга: “Биздин үстүбүзгө кулагыла!” – дешет.
9Ысрайыл, сен Гиба күндөрүнөн бери күнөө кылып келе жатасың. Алар күнөө кылууну токтотушкан жок. Мыйзамсыздыктын уулдарына каршы Гибада болгон согуш бизге жетпейт деп ойлошобу?
10Мен аларды Өзүмдүн каалоом боюнча жазалайм, аларга каршы элдер чогулат, алар өздөрүнүн эки кылмышы үчүн байлоого алынышат.
11Эпрайым – үйрөтүлгөн, дан бастырууну жакшы көргөн кунажын, анын жоон мойнуна моюнтурукту Мен Өзүм салам. Эпрайымды минишет, Жүйүт жер айдайт, Жакып малалайт.
12Адилеттикти сепкиле, ырайымдуулукту оруп аласынар. Дың жериңерди айдагыла, ошондо Ал келип, үстүңөргө адилдикти жамгырдай төгөт, анткени Теңирди издей турган убакыт келди.
13Силер жамандыкты эккенсиңер, ошондуктан мыйзамсыздыкты оруп алып жатасыңар, жалганчылыктын жемишин жеп жатасыңар, анткени сен өз жолуңа жана жоокерлериңдин көптүгүнө үмүттөнгөнсүң.
14Ошон үчүн сенин элиңдин ичинде дүрбөлөң болот, согуш күнү Шалман Бейт-Арбелди кыйраткандай, сенин бардык сепилдүү шаарларың кыйрайт: ошол согушта энеси балдары менен кошо өлтүрүлгөн.
15Силердин чектен чыккан жаман иштериңер үчүн, Бейтел силерге мына ушуну кылат.