Ошуя 11:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Таң атканда Ысрайыл падышасы өлөт! Ысрайылды Мен жаш чагынан сүйдүм, Мен уулумду Мисирден чакырып алдым.

2Аларды чакырып жатышты, бирок алар улам алыстап жатышты. Алар Баалга арнап курмандык чалып, буркандарга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышты.

3Мен Өзүм Эпрайымга басканды үйрөткөм, аны Өз колума салып көтөрүп жүргөм, алар болсо өздөрүн айыктырып турган Мен экенимди билишкен жок.

4Мен аларды адамдык байланыш менен, сүйүү байланышы менен алып жүрдүм, Мен алар үчүн алардын ооздугун алып салган кишидей болдум, эңкейип, аларга тамак берип турдум.

5Ал Мисирге кайра барбайт, бирок Ашур анын падышасы болот, анткени алар Мага кайрылууну каалашкан жок.

6Ошон үчүн анын шаарларына кылыч шилтенет, дарбазаларын талкалайт, аларды өздөрүнүн жаман ойлору үчүн жеп жутат.

7Менин элим Менден баш тартканын койгон жок, аны жогору жакка чакырышса да, анын ичинен эч ким көтөрүлгөн жок.

8Эпрайым, сени кантип салып берейин? Ысрайыл, сени кантип таштап коёюн? Сага кантип Адамага кылгандай, Себоимге кылгандай кылайын? Менин жүрөгүм өзгөрүлдү, Менин бүт аёом ойгонду.

9Мен Өзүмдүн катуу каарым боюнча кылбайм, Эпрайымды жок кылбайм, анткени Мен Кудаймын, адам эмесмин. Силердин араңарда Ыйыкмын. Мен жок кылуучу каарым менен келбейм.

10Алар арстанга окшоп үн салган Теңирдин артынан жөнөшөт, Ал үн салганда, батыштагы уулдар титиреп келишет.

11Алар Мисирден куштардай болуп, Ашур жеринен көгүчкөндөрдөй болуп талпынып келишет, ошондо Мен аларды үйлөрүнө киргизем, – дейт Теңир.

12Эпрайым Мени алдамчылык менен, Ысрайыл амалкөйлүк менен курчады. Жүйүт болсо Кудайга, ишенимдүү Ыйыкка, ишенимдүү болгон жок».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>