Ошуя 12:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Эпрайым шамалды кайтарып жүрөт, чыгыш шамалынын артынан кууп жүрөт, күн сайын жалганчылыкты жана талап-тоноону көбөйтүп жатат. Алар Ашур менен келишим түзүп жатышат, Мисирге зайтун майы жеткирилип жатат.

2Бирок Теңир Жүйүт менен да соттошот, Ал Жакыпты жолдоруна жараша жазалайт, ага иштерине жараша тиешесин берет.

3Ал энесинин курсагында жатканда эле бир тууганын тепкен, ал эми эр жеткенде Кудай менен кармашты.

4Ал периште менен кармашты, аны жеңип чыкты, ыйлап, ага жалынып-жалбарды. Бейтелде Ал бизди таап, ошол жерде биз менен сүйлөштү.

5Теңир болсо – Себайот Кудай. Жахаба – Анын ысымы.

6Сен да өз Кудайыңа кайрыл, ырайымдуулукту, акыйкаттыкты сакта жана ар дайым Кудайыңа таян.

7«Канаандык адамдын колунда туура эмес тараза бар. Ал жеп калганды жакшы көрөт.

8Эпрайым: “Мен байыдым. Өзүмө мал-мүлк жыйнап алдым, менин бардык эмгектеримден күнөө болуп эсептелген мыйзамсыз бир да нерсе таба алышпайт”, – деп айтып жатат.

9Мен болсо сен Мисир жеринен чыккандан бери сенин Кудай-Теңириңмин, сени майрам күндөрүндөгүдөй, кайрадан алачыктарга отурукташтырам.

10Мен пайгамбарларга сүйлөдүм, аяндарды көбөйттүм жана пайгамбарлар аркылуу үлгү-насаат аңгемелерди колдондум.

11Эгерде Гилат жараксыз нерсе болуп калса, анда анын тургундары да болбогон нерсе болуп калышты, Гилгалда букачарларды курмандыкка чалышты, алардын курмандык чалынуучу жайлары талаалардын чектеринде турган үймөк таштардай.

12Жакып Сирия талаасына качып кетти, Ысрайыл аял үчүн кызмат кылды, аял үчүн кой кайтарды.

13Теңир пайгамбар аркылуу Ысрайылды Мисирден алып чыкты, Ал аны пайгамбар аркылуу сактап жүрдү.

14Эпрайым Теңирди катуу каардантты, ошон үчүн ал төккөн кандын кунун Теңир анын өз мойнуна коёт, Теңир анын шылдыңын өз башына келтирет.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>