1Эпрайым сүйлөгөндө, бардыгы титиреп турчу. Ал Ысрайылда жогору көтөрүлгөн, бирок Баал аркылуу күнөөгө батып өлдү.
2Азыр да алар күнөөлөрүнө күнөө кошуп алышты. Алар өздөрүнүн түшүнүгү боюнча өздөрүнүн күмүшүнөн өздөрүнө куйма буркандарды жасашты, алардын баары – толугу менен сүрөтчүнүн колунан чыккан иш. Алар курмандык чалган адамдарга: “Букачарларды өпкүлө!” – деп жатышат.
3Ошон үчүн алар таңкы булуттай, тез эле жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй, кырмандан шамал учурган топондой, мордон чыккан түтүндөй болушат.
4Бирок сен Мисир жеринен чыккандан бери Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Ошондуктан сен Менден башка кудайды билбешиң керек, Менден башка Куткаруучу жок.
5Мен сени чөлдө, какшыган жерде таанып билдим.
6Жайыты бар алар ток эле. Тойгондуктан алардын жүрөгү текеберденди, ошондо алар Мени эстеринен чыгарып коюшту.
7Ошон үчүн Мен аларга арстандаймын, кабыланга окшоп жолдо аңдып турам.
8Мен аларга мамалактарынан ажыраган ургаачы аюудай кол салам, алардын көөдөнүн жарып салам, Мен аларды ошол жерде ургаачы арстандай болуп жеп салам, аларды талаа жырткычтары тытып кетишет.
9Сен өзүңдү өлтүрдүң, Ысрайыл, анткени сен өзүңдүн таянычың болгон Мага каршы чыктың!
10Сени куткара турган падышаң азыр кайда? Сенин бардык шаарларыңдагы башчыларың кайда? Сен алар жөнүндө “Мага падыша жана башчыларды бер!” деп айткансың.
11Ошондо Мен сага каарым менен падыша бердим, анан аны ачуум менен тартып алдым.
12Эпрайымдын мыйзамсыздыгы түйүнчөккө түйүлүп турат, анын күнөөсү сакталып турат.
13Ал төрөп жаткан аялдай кыйналат. Ал – акылсыз уул, болбосо ал өзүнүн төрөлүүсүн создуктурмак эмес.
14Мен аларды өлгөндөр жаткан жайдын бийлигинен кун төлөп куткарам, аларды өлүмдөн куткарам. Өлүм! Сенин уу тишиң кайда? Өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда? Өкүнүү көздөрүмдөн жашыруун.
15Эпрайым бир туугандарынын арасында жемиштүү болсо да, чыгыш шамалы, чөлдөн көтөрүлгөн Теңир шамалы, келет, ошондо анын булагы соолуйт, башаты какшыйт: ал шамал бардык кымбат баалуу нерселер сакталган казынаны кыйратат.