1Самария бүлгүнгө учурайт, анткени өз Кудайына каршы чыкты: алар кылычтан кулашат, алардын наристелери кылыч менен кыя чабылат, кош бойлуу аялдары жара чабылат.
2Ысрайыл, өзүңдүн Кудай-Теңириңе кайрылып кел, анткени сен өзүңдүн мыйзамсыздыгыңдын айынан мүдүрүлүп жыгылдың.
3Өзүңөр менен кошо сөздөрдү алып, Теңирге кайрылып келгиле, Ага мындай дегиле: “Бардык мыйзамсыздыгыбызды кечир, бизге жакшылык кыл, ошондо биз Сага ооз курмандыгын чалабыз.
4Ашур эми бизди куткарбайт. Мындан кийин атка минбейбиз, мындан ары колубуз менен жасаган буюмдарды «биздин кудайларыбыз» деп атабайбыз, анткени жетимдер Сенден гана ырайым табышат”.
5Алардын баш тартуучулугун дарылайм, аларды Өз каалоом менен сүйөм, анткени Менин каарым алардан бурулду.
6Мен Ысрайылга шүүдүрүм болом. Ал лилиядай болуп гүлдөйт, Лебанон сыяктуу тамыр жаят.
7Анын бутактары жайылат, ошондо анын сулуулугу зайтун дарагындай болот, андан Лебанондун жытындай жыпар жыт чыгат.
8Анын көлөкөсүндө отургандар кайтып келишет, эгин өстүрүшөт, өздөрү жүзүм сабактары сыяктуу гүл ачышат, анын жыты Лебанон шарабындай болот.
9“Эми буркандар менен эмне ишим бар?” – дейт Эпрайым. Мен аны угам, ага назарымды салам. Мен түбөлүк көгөрүп турган кипаристей болом: сенин жемиштериң Менден болот.
10Акылдуу адам муну түшүнсүн, даанышман адам муну билсин. Анткени Теңирдин жолдору туура, ал жолдор менен адил адамдар жүрүшөт, ал эми мыйзамсыздар ал жолдордо мүдүрүлүшөт».