Ошуя 3:1-5 KYB2004 - Bible AI

1Анан Теңир мага мындай деди: «Дагы барып, күйөөсү сүйгөн, бирок өзү ойноштук кылган аялды сүй, аны Теңир Ысрайыл уулдарын сүйгөндөй сүй. Теңир аларды сүйөт, алар болсо башка кудайларга кайрылышат, алардын мейиз кошулган токочторун жакшы көрүшөт».

2Ошондо мен аны он беш күмүш тыйынга, бир хомер арпага жана жарым хомер арпага сатып алдым.

3Анан ага: «Меникинде көп күн жаша. Бузуктук кылба, эч ким менен болбо, мен да сага жакындабайм», – дедим.

4Анткени Ысрайыл уулдары көп убакытка чейин падышасыз, төрөсүз, курмандыксыз, курмандык чалынуучу жайсыз, эфодсуз жана терафимсиз калышат.

5Ошондон кийин Ысрайыл уулдары күнөөлөрү үчүн өкүнүп, өздөрүнүн Кудай-Теңирин жана өздөрүнүн падышасы Дөөттү издешет. Акыркы күндөрү Теңирдин жана Анын ырайымынын алдында титирешет.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
>